Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 11.07.2019 20:00 На русском

Министрдин орун басары, экс-мэр, депутат: Ошто «Ардактуу атуул» наамы тапшырылды. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарында «Ардактуу атуул» наамы салтанаттуу тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 10-июлда шаардын «Ардактуу атуулу» наамынын ээлерине күбөлүктөр жана төш белгилер ыйгарылган. Салтанаттуу иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов, мэр Таалайбек Сарыбашов жана шаардык кеңештин депутаттары катышкан.

Ж.Ормонов наам алгандарды куттуктап, алардын аткарган иштерине, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымына, коомдук иштерге активдүү катышып келе жатканына токтолду.

Наам жалпысынан 12 адамга ыйгарылды:

- Нурунбетов Балтахун Аттокурович — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу төрагасы, профессор;

- Асилбекова Дарийка — Ош шаарындагы «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер;

- Азимов Худайберди Азимович — Кыргыз Республикасынын транспорт кызматына эмгек сиңирген кызматкер, Ош шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын төрагасы, персоналдык пенсионер;

- Алиев Алмазбек Маматович — Ош шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, «Ош-Кардио» медициналык борборунун негиздөөчүсү, «МПА» жана «Сервис нефть компаниясы» ЖЧКнын жетекчиси, жеке ишкер;

- Алдаяров Абдиманап Мирзаевич — «АлБОНур» ЖЧКнын негиздөөчүсү, жеке ишкер;

- Төлөнөв Байыш — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын «Ата журт» продюсердик борборунун продюсери;

- Көкөчоров Дөөлөтбек Курманбекович — Ош шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, муниципалдык кызматтын мыкты кызматкери, «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын директору;

- Асанов Курсан Сатарович — Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору;

- Алыкулов Мукамбек Калмаматович — Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, персоналдык пенсионер;

- Абытов Байболот Капарович — Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, илимпоз, профессор;

- Эсенбаева Гүлсана Баараимовна — Ош шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, Апрель элдик революциясынын баатыры, билим берүүнүн мыктысы;

- Абилдаев Болот Ералханович — «Газпром-Кыргызстан», «Газпром нефть Азия» ишканаларынын жетекчиси.

Turmush басылмасы 11-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин 21-сессиясында «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча 15 талапкердин тизмеси каралганын жазган.

Буга чейин Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына 16 талапкер сунушталган. Бирок профессор Каныбек Исаков талапкер болуудан баш тарткан. Шаардык кеңештин депутаттары талапкерлердин тизмесин бекитип, шайлоо өткөрүү үчүн 6 фракциядан 6 депутат шайлашып, эсептөө комиссиясын түзүшкөн. Анын төрагасы болуп Камчыбек Мамбеткулов шайланган.

Добуш берүү жашыруун түрдө өтүп, эсептөө комиссиясы бюллетендерди жабык эшик артында санаган. Жыйынтыгында 15 талапкердин ичинен 12 талапкерге «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынган.

«Ардактуу атуул» наамы эң аз 23 добуш алган талапкерге ыйгарылат. Алардын ичинен депутаттардын эң көп добушуна «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчоров (32 добуш) жана шаардык кеңештин депутаты Гүлсана Эсенбаева (32 добуш) ээ болушкан.

«Ардактуу атуул» наамын алгандардын ичинде «кумаркана, сойкукана иштетет» деген ишкердин аты-жөнү бар болушу мүмкүн экени айтылган. Буга чейин Turmush басылмасы 14-майда Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында «Ардактуу атуул» наамына талапкерлерди тандоо болгонун жазган. Шаардык кеңеш аталган маселени жабык эшик артында караган.

Шаардык кеңештин депутаты Сейиткасым Курбаназаров Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында көмүскө иштеп жаткан кумаркана болушу мүмкүн деген жайдын ээсинин аты бар
экенин билдирген. Депутат көмүскө кумаркана делген жайдын ээси Ош шаарынын «Масалиев көчөсүндөгү "сойкукана болушу мүмкүн" делген мейманкананын дагы ээси» деп укканын айткан.

«Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан эки маалыматка көзүм түшүп калды. Алардын бирөөсү — Масалиев көчөсүндө жайгашкан мейманкана "сойкукана" деп шек жараткандыгы, экинчиси — 13-май күнү журналисттер сабалган жерде "кумаркана" деп шек жараткан мейманкана. Менин билишимче, бул эки мейманкананын ээси бир эле адам. Ал адамга шаардын "Ардактуу атуулу" наамын ыйгарууга депутаттардын моралдык жактан укугу жок», - деген Сейиткасым Курбаназаров.

Ал эми саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев «Ардактуу атуул» наамына көмүскө көп иштерди жасап жаткан олигархтар гана көрсөтүлүп жатканына кейиген.

«Бул наамдын кереги деле жок. Аны кайсы бир жаранга ыйгаруу такыр башкача нукта жүрүп жатат. Ал наам жалаң бийликке жагынган, көмүскө сойкукана, кумаркана иштеткен, чиновниктердин аркасы менен көп иштерди бүтүргөн адамдарга берилип калды. Ал адамдар саясий чөйрөдө өздөрүнүн калыс пикирин айта алышпайт. Мына ушундай адамдар аталган наамга көрсөтүлүп жатышат. Мен ал наамга кимдер көрсөтүлгөнүн билбейм, бирок баары татыктуу эмес», - де
ген Төлөгөн Келдибаев.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, «Ардактуу атуул» наамына талапкерлерди шаардагы аймактык кеңештер, мекеме-ишканалар жана шаардык кеңештин депутаттары сунуштай алышат.

Аталган наам Ош шаарында 2 жылдан бери берилбей келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×