Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Талас облусуТалас району 11.07.2019 21:21

Жаш талант: 17 жаштагы балбан Афтандил утуп келген сыналгыны ата-энеси сыймыктануу менен көрүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 17 жаштагы тургуну Таалайбек уулу Афтандил грек-рим күрөшү боюнча ийгилик жаратып, 30дан ашуун медаль менен сыйланган. Аймактык кабарчы жаш балбандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, спортко аралаша баштаганына быйыл 6 жыл болду.

«4-классымдан тарта машыгуучу залга келип, көптөгөн мелдештерге катышып жатам. Мага бул тармакта чоң атам көп түрткү берип турат. Чоң атамдын колдоосу менен Бишкек шаарына барып, алдыңкы залдарда машыгып жатам.

Алгач күрөшкө аралашып баштаганда кыйынчылыктар көп болду. Андай учурда күрөштөн биротоло кол үзүп кетип калсам дечүмүн. Бирок кайра эле ата-энемдин «бул кыйынчылыктын баары убактылуу, ар бир кыйынчылыктын артында чоң жеңиш болот» деген сөздөрү кубат берип турчу. Биринчи жолу 27 кг салмакта мелдешке катышкам. Биринчи баланы утуп алып, экинчи баладан утулуп калгам. Утулуп калдым, үйгө бара берейин деп кетип калгам. Көрсө мен ал күнү финалга чыгып, 3-орун үчүн күрөшмөк экенмин. Мен болсо жаңы аралашкандыктан билбей, бир мүнкүнчүлүктү кетирип алгам. Канча жеңишим бар экенин санабаптырмын. Бирок 30дан ашуун медалым бар. Сыйлыктарымдын эң чоңу сыналгы болгон. 16 жашымда Таласта өткөн чоң мелдештен сыналгы утуп алгам. Ата-энем мен утуп келген сыналгыны сыймыктануу менен көрүп жатышат.

Жакында Казакстанга барып, дагы бир чоң мелдешке катышып келдим. Буга чейин Кыргызстандын ичинде күрөшүп келгем. Биринчи жолу башка өлкөгө чыктым. Азыркы учурда 55 кг салмакта күрөшүп жатам. Өзүмдүн салмагым 65 кг. Мелдешке 1 ай калганда салмак кууй баштайбыз. Тамакты этияттап ичип, күчтүү тамак жебегенге аракет кылабыз. Мелдештерге кетип жатканда апам сөзсүз камыр тамак бышырып, «ачка болсоң күрөшө албайсың» деп калышчу. Азыр болсо күчтүү тамак болбой турганын алар дагы билип калды.

Азыр грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков менен бир залда машыгып жатам. Сыймыктанып, кээ бир жерлерде «экөөбүз бир залда, бир машыктыруучунун колунда машыгабыз» деп айтып калам», - деди ал.

Афтандил балбан үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×