Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 11.07.2019 15:28 Жаңыланды: 20.07.2019 22:28

Айыл турмушу: Скелет менен троллейбуска кирсек, элдин баары түшүп калган, - дарыгер Ж.Турганбаева (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунда чоңойгон Жылдыз Турганбаева учурда Ош шаарындагы жеке ооруканалардын биринде кардиолог дарыгер болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ысык-Көл районунун Бостери айылында 1974-жылы төрөлгөн. 1993-жылы медициналык окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алып, аны 1999-жылы аяктаган.

«Эмгек жолумду 2000-жылы Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда мээрман айым болуп иштөөдөн баштап, кийин 2009-жылдары ушул эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси болдум. 2009-2011-жылдары ӨКМде, 2011-2018-жылдары Ош шаардык аскердик ооруканада эмгектендим. Ал жерде лейтенанттан майорго чейинки чин алдым. 2019-жылы пенсияга чыктым. Учурда Ош шаарында жеке клиникада кардиолог болуп иштеп жатам», - дейт ал.

Ошондой эле ал студенттик кезиндеги кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Мен 2-курста окуп жүргөндө сабактар оорлоп баштады. Анатомиядагы адамдын сөөк системасында эң кыйыны баш сөөктөр эле. Эртең сынак деген күнү жатаканадан даярданалы деп бир түнгө баш сөөктүн скелетин алып кеттик. Аябай сүйүнүп, жолдон троллейбуска түштүк. Жөн кетпей, окуй кетели деп анатомия китебин ачып окуй баштадык. Биз троллейбуска түшөрүбүз менен скелетти көргөндөр ошол эле аялдамадан түшүп калышыптыр. Биз ага деле көңүл бурбай, акыркы аялдамага чейин бардык.

Акыркы аялдамага жеткенде айдоочу бизге кайрылып: «Силер түшкөндөн кийин эле, баары бир аялдамадан түшүп калышты го. Эмне кылдыңар эле?» деп сурап калды. Биз ага жатаканага баштын скелетин алып баратканыбызды айтып көрсөтсөк, ал дагы бизден жол кире албай, түшүрүп жиберген», - дейт ал.

Бош убактысында гүл өстүргөндү жакшы көргөн Жылдыз Турганбаева 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×