Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 11.07.2019 14:41 На русском

4 жигиттин өмүрүн алган кырсык: «Лексустагы» Нурсултан магистратураны аяктап, быйыл үйлөнмөк

Жол кырсыгына кабылган «Лексус» жана «БМВ»
Жол кырсыгына кабылган «Лексус» жана «БМВ»

Turmush -  7-июль күнү Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга жакын жерде жол кырсыкка кабылган «Лексус» унаасынын жүргүнчүсү — 24 жаштагы Нурсултан кичи мекени Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркумдун атасы Данияр Кулматовдун айтымында, анын жалгыз уулу бар болчу.

«Жалгыз уулум эле. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны бүтүргөн. 24 жашта болчу. «Магистратураны ийгиликтүү аяктадым, ата» деп WhatsApp'тан сүрөттөрүн жөнөтүптүр, бирок мен көрбөй калыптырмын. 5-июль күнү саат 16:45те өзү чалып, соңку сынагын «5» деген баага тапшырганын айтып, сүйүнчүлөгөн. Кийин WhatsApp'тан сүрөттөрүн көрдүм. 3 ай мурун үйгө келип кеткен. Андан бери келе элек болчу. Акыркы жолу байланышканда Ысык-Көлдө 5 күн эс алып, анан үйгө келерин айткан. Эми минтип жоготуп отурабыз. Айла жок, кырсык экен. Быйыл үйлөнтөлү деп жатканбыз.

Мен буга чейин Ош шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында 22 жыл иштегем. Ошондуктан түшүнөм, эч ким атайын кырсыкка кабылбайт. Азыр бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат дейт. Таза, адилеттүү жүрөт деп ишенебиз. Азыр жөрөлгөлөрдү өткөрүп алып, анан окуя болгон жерге барып, тергөө жүрүп жатабы, жокпу сураштырам», - деди Д.Кулматов.

Буга чейин Turmush басылмасы аталган жол кырсык тууралуу жазган. Окуя 7-июлда саат 04:35 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 82-чакырымында болгон. Ат майдандын жанынан «БМВ Х-7» унаасы «Лексус 300» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен «Лексус 300» унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү — Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургундары Д.Н. (сөз болуп жаткан Нурсултан) жана Б.Б. каза болгон. «Лексус» унаасындагы дагы бир жүргүнчү — Ош шаарынын тургуну К.Б. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал кийинки күнү көз жумду (жалпы 4 адам каза болду).

«БМВ Х-7» унаасы 1994-жылы туулган Т.Т.га тиешелүү экени, окуя болгон учурда досу башкарып жүргөнү айтылган.

Turmush басылмасы жол кырсыкка чейин «БМВ Х7» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү «Социал» кафесинен чыгышканын жазган. Кафе ат майдандын жанында жайгашкан жана 6-июль күнү ачылышы болгон.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, «БМВ Х7» унаасынын видеорегистратору болгон.

Видеорегистратор жаңы болуп, тиешелүү жабдык керек болгондуктан тергөөчүлөр анын ичиндеги маалыматты ала алышкан эмес. Ошондуктан аны Бишкек шаарындагы «BMW» борборуна жөнөтүүнү чечишкен.

Андан тышкары тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери жолдун жээгинде жайгашкан имараттардагы тышкы видеокамераларды текшерип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×