Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуЧүй району 11.07.2019 12:08 На русском

Искра айылындагы 2 үй-бүлөнүн мушташы. Жергиликтүү тургундар окуя тууралуу айтып беришти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй районунун Искра айыл өкмөтүндө эки үй-бүлө таза суунун айынан мушташып, 3 киши ооруканага түшкөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Искра айыл өкмөтүнө караштуу Восточный айылынын 3 тургуну ар кандай жаракат алып, райондук ооруканага кайрылышкан. Маалыматты Чүй райондук аймактык ооруканасынан дагы тастыкташты.

«Экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, үйүнө жиберилсе, болжол менен 60 жаштагы К.Т. учурда ооруканада. Ал орто оор абалда келип түшкөн. Башынан жаракат алган. Өзүнүн айтымында, аны бир буюм менен башка чабышкан. Учурда абалы жакшы. Жакын арада толук анализдери чыгат», - деп билдиришти ооруканадан.

Кечээ, 10-июль күнү Искра айылында улуттар аралык жаӊжал чыкты деген маалымат тараган. Бирок айыл тургундары эки үй-бүлө таза суунун айынан уруша кетишкенин билдиришти.

«Кечээки окуяны улут аралык жаӊжал деп айтууга болбойт. Эки тургундун ортосунда чыр чыккан. Бир киши иче турган таза сууну чарбагындагы жашылчаларын сугаруу үчүн колдонуп жаткан экен. Айыл чакан жана таза суу тартыш. Ошол себептен жергиликтүү тургун ага таза суу менен чарбакты сугарба деп айтып, уруша кетишкен. Аны чарбагын сугарып жаткан киши балдары менен сабап коюшуптур. Атасынын таяк жегенин көргөн балдар кайра барып, чарбагын сугарып жаткан тургундун балдарын сабап салышкан. Ооруканага үч киши кайрылган», - деп билдиришти айыл тургундары.

Ал эми Искра айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Болбаев учурда аталган айылда абал тынч экенин билдирди.

«Айылда биринин чарбагына мал кирип же сугат суу талашып кеткен уруш-талаштар боло берет эмеспи. Кечээ тургундар чогулуп, нааразычылыктарын билдиришти. Биз маселени жөнгө салдык. Милиция кызматкерлери айылды түнү менен күзөткө алышты. Бүгүн абал тынч», - деди ал.

Ооруканада жаткан киши 1953-жылы туулган К.М. экени белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×