Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуКемин району 11.07.2019 12:08 На русском

«Тик учак менен келип, шишкебекке буйрутма беришти»: Жол боюнда тамак-аш саткан Бактыгүл айымдын жашоосу

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаӊы-Алыш айылынын 68 жаштагы тургуну Бактыгүл Карымшакова Боом капчыгайына жетпеген Муздак-Суу деген жерде 26 жылдан бери тамак-аш сатып, соода кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ал Токмок шаарына караштуу Сайлык айылында 1951-жылы туулган. Токмок шаарындагы медициналык окуу жайдын акушер бөлүмүн бүтүргөн.

Оор турмуш бизди ушул жерге алып келди…

- Ушул жерде иштеп жатканыма быйыл 26 жыл болду. Биз келген жылдары бир-эки кафе бар болчу. Соодагерлер көчөгө туруп алып, шишкебек жасап, манты, пирожки сатышчу. Биз болсо эки кышты коюп алып, күмүш казаныбызды асып, мүшөктөп алып келген отун менен пирожки бышырып баштаганбыз.

Мен өзүм медицина кызматкеримин. Союз убагында Ак-Бекет айылында аймактык акушер болуп иштедим. Андан кийин Жаӊы-Алыш айылындагы жаӊы ачылган балдар санаториясында 10 жыл улук мээрман айым болуп эмгектендим. Союз тарагандан кийин эле мени Боом капчыгайына жакын жайгашкан аймактагы тез жардам кызматына которушту. Бул жерге бизди союз тараган мезгилдеги оор турмуш алып келди. Союз ыдыраганда 3-4 айлап айлык тийбей, дүкөндөрдө эч нерсе жок, талон менен соода кылып жашап калганбыз. Кытай тегирмен деген болчу. Андан мүшөктөп ун алганга элдин чама-чаркы келбей, баштыктап алып, ченеп нан бышырып жечүбүз. Кийин Кеминдеги тааныштардан азыр соода кылып жаткан Муздак-Суу деген жерде пирожки, манты сатып, жакшы акча таап жатышканын угуп, кызыга баштадым.

Алгач 15 нан бышырып, жол боюна алып бардым

- Ошентип мен дагы соода кылып көрүүнү эп көрүп, алгач 15 нан, уйларыбыздын сүтүн, каймагын көтөрүп алып келдим. Ошондо 1993-1994-жылдар болчу. Үйдөгүлөр ары-бери каттаган автоунаага салып жиберишкен. Келсем, бул жерде ар ким ар кандай тамак жасап күн көрүшөт экен. Нанымды ушул соода кылгандар эле талап алып кетишти. Кимге канча бергенимди билбей калдым. Бирөөсүнө барып: «Жоолукчан аялга нан саттым эле, ал каякка кетти?» - десем, «ал эчак сатып түгөтүп, кетип калган» - дешти. Биринчи келген күнү эле акчанын жарымын чогулта албай, алгандардын жарымысын тапсам, айрымдарын таппай эле жалдырап калдым. Каймак-сүтүмдү дагы алып кетишти.

Жолду катар кырка тизилип алышып, манты, шишкебек, пирожки сатышат экен. Ары-бери өткөндөр токтоп, жөнөкөй дөңгөчкө отуруп алып эле тамак ичип кетишкенин көрдүм. Ошондо соода кылгандын баары Кемин районунун тургундары болчу.

- Чөнтөгүмө акчаны толтуруп алып үйгө кетчүмүн

- 1976-жылы төрөлгөн балам ошондо 16 жашка чыга элек болчу. Ал атасынын жанында жүрүп, автоунаа айдаганды үйрөнүп алды. Мен да коркпой, ошол уулумду айдатып алып, унаанын артына тамак-аштарыбызды жүктөп келе баштадык. Үч билик деген кичине мешибиз бар болчу. Ошого үйдөн бышырып келген тамак-аштарыбызды жылытып, кардарларга сатчубуз. Кечинде кайра чөнтөгүмө акчаны толтуруп алып үйгө кетчүмүн. Мындай акчаны көрбөй калдык эле, балдарым кенен тамак ичип калган. Ошол союз тарап, биз кыйналган жылдарды эстесем жүрөгүм ооруйт. Жаӊы соода кылган жылдары унаабызга бензинди ченеп аз куюп коюп, орто жолдо калган күндөрүбүз болгон. Уулум кайра артка жөө бензинге кетчү. Кыштын суугуна, жайдын ысыгына карабай, ушул жерде соода кылып келе жатабыз.

«Крутой» кардарым мушкер Александр Воинов болду

- Кийин заман оӊолуп калды. Акчалуу адамдар пайда боло баштады. Ушул жердеги кафелердин биринин кожоюну келип: «Эже, сизде боз үй бар экен. Мага берип туруӊуз, мен усталарды ошол жерге багып, тээтиги жерге кафе салам», - деп калды. Менде 80 баштуу чоӊ боз үй бар болчу. Мен ага бердим. Ал болсо ушул жердин баары акырындык менен алынат деди. Мен болсо, алынганча иштеп турарбыз деп жооп бердим. Ал кафесин куруп бүтүп, анан мага ыраазычылыгын билдирди. «Эже, сиздин боз үйүңүздүн ордун берейин, ошол жерге соода кылыӊыз» деп калды. Ошентип өзүмдүн ордум пайда болду. Мен ага «Тянь-Шань» деп ат коюп алдым. Ошондо 1995-1996-жылдар болчу. Бирок бул атты жөн жерден койгон эмесмин.

Бир күнү бир жол тандабас унаасы келип, биздин боз үйдүн алдына токтоп калды. Эшикке биринчи чуркап чыктым. Артымдан кошуна соодагерлер жабалактап, «биздикине жүрүӊүз» деп баары эле чакырып калышты. Бирок ал киши «бул апа биринчи келген, кайсыл боз үй сиздики» деп сурады. Мен ал убакта атын коё элек болчумун. Ошол кезде «Байлар дагы ыйлайт» деген кино даӊазалуу эле. Мен ойлонбой туруп, «Байлар дагы ыйлайт» деген ат, жүргүлө деп ээрчитип кеттим. Көрсө ал киши атактуу спортчу Александр Воинов деген киши экен. Ошентип, эӊ алгачкы кардарым ушул киши болгон.

Тик учак менен келип, буйрутма беришти

- Кийин атын «Тянь-Шань» деп койдум. Ат койгондон кийин сары түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа келип, маӊдайыбызга токтоп калды. Андан түшкөн киши: «Менин фирмамдын аты дагы "Тянь-Шань", мен ушул боз үйгө кирем» деп кирип келди. Көрсө ал туристтер менен иштешкен Комисаров аттуу ишкер экен. Анын жанында дагы бир киши бар болчу. Ал дагы келип, «Эмне үчүн Комисаровдун фирмасын жарнама кылып жатасыӊар? Менин «Достук» деген фирмам бар, ошону жарнама кылып алдына жазып койгулачы» деп калды. Анын өтүнүчүн четке какпай, сүрөтчүнү ээрчитип келип, алдына «Достук» деген жазууну кошуп койдук. Ошону менен «Тянь-Шань Достук» деп аталып калдык. Ошол фирманын ээси бир күнү бизге, «эӊ маанилүү конокторду силердикинен тосом, даяр тургула» деди. Күн бүркөк болчу. Бир маалда бир тик учак келип, төбөбүздөн ары-бери айланып, кончудай болуп калды. Аӊгыча эле жерге конду. Көрсө мага буйрутма берген кишинин коноктору экен. Алар бизге келишип: «Бүгүн бизге 16 таяк майлуу шишкебек, 16 таяк майсыз шишкебек, 16 табак манты даярдагыла», - дешти. Биз даярдап койдук. Келип жеп кетишти. Бул биз үчүн өзгөчө күн болгон.

Эмгегибиздин үзүрүн көрдүк

- Ушул жерден тапкан ырыскыбыз менен уул-келиндеримди окуттум, балдарымды үйлөнтүп, алар дагы бала-чакалуу болушту. Азыр 15 неберелүү болдум. Азыр «Апамдын чайы» деген чакан тамактануучу жайды иштетип жатабыз.

Тамактануу үчүн чет элдик туристтер дагы келишет. Кечээ эле израилдик туристтер тамактанып кетишти. Сыртта турган 38 литр суу бата турчу самоорду бир күндө бир нече жолу кайнатабыз. Каттама дагы жасайбыз. Кардарлар каттама менен сүт кошулган чайды абдан жакшы көрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×