Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 11.07.2019 10:43

Тоңдо айылдарды өнүктүрүү фонддорун түзүү пландалууда

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында айылды өнүктүрүү фондун түзүү боюнча жыйын өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, райондук жетекчилер, айыл өкмөттөрдүн башчылары, мугалимдер жана Тоң районунан чыккан мамлекеттик жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаты, окумуштуулар катышты.

Жыйында буга чейин демилгеленип жаткан айылды өнүктүрүү фонддорун түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда райондун аймагынан чыккан чыгаан инсандар өз аймактарында, айыл-кыштагында түзүлө турган фонддорго колдон келишинче жардам көрсөтүп, айылдагы көйгөйлөрдү чечүү жагын талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×