Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.07.2019 10:15

Жалал-Абадда 3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Turmush -  Республикалык масштабда өткөрүлүп жаткан баңгизатка каршы эл аралык «Паутина» иш-чарасынын алкагында Тогуз-Торо жана Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан жапайы кара куурайлар жок кылынууда. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чараны жүзөгө ашыруу максатында Тогуз-Торо районунун аймагында жалпы 7 гектар аянттан кара куурай чабылып, 2 тоннага жакыны өрттөлдү. Ал эми Аксы районунун аймагынан 1,5 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынды.

«Бул профилактикалык иш-чарага милициядан сырткары айыл өкмөттөн, элдик кошуундан, жергиликтүү тургундардан жана чек аралаш жайгашкан аймактардан жоокерлер да катышып, жеринде актылар түзүлдү. Мындай иш-чара облустун башка шаар жана райондорунда дагы өткөрүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×