Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Нарын облусу, Нарын 11.07.2019 10:04

Нарында турак үйлөрдү сел каптады

Turmush -  Нарын шаарында турак үйлөрдүн короолорун сел каптады, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

10-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен арыкка суу батпай, айрым көчөлөрдө арыктардын жоктугунан Ак-Буудай тилкесинде жайгашкан 1, Чоң-Алыш көчөсүндөгү 3, Сагынбай Орозбаков көчөсүндөгү 2, Ленин көчөсүндөгү 1 — жалпы 7 турак үйдүн короолорун суу каптап, 1 тамдын ичине суу кирген.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 9 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууну сордурушкан. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Ошондой эле Нарын районунун аймагында 10-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон шагыл аралаш сел жүрүп, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 357-чакырымын (Ак-Бечел тилкеси) бир тараптуу жаап калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

№41 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер жана 4 кызматкер тартылып, унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Саат 18:30да унаа жол толугу менен тазаланды.

Буга чейин Нарын шаарынын борбордук бөлүгүнө мөндүр аралашкан жаан жаап, көчөлөр көлчүккө айланганын аймактык кабарчы билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×