Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.07.2019 09:18

Балыкчы ШИИБдин көчмө кабылдамасына унаа тапшырылды

Turmush -  Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы үчүн унаа тапшырылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, 10-июлда өткөн салтанаттуу иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин элчиси Пьер фон Аркс, шаардын мэри М.Кудайбергенов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Д.Моңолдоров, ШИИБдин жеке курамы катышты.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Карасартов алдыда бекитилген график жана пландар боюнча милициянын көчмө кабылдамасы шаардын жашоочуларын кыдырып, алардын арыздарын алып, көйгөйлөрүн чече турганын айтты.

Ошондой эле бул унаа менен кылмыш болгон жерлерге чыгууга, кылмышкерлерди кармоого болбой турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×