Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Баткен облусуКадамжай району 10.07.2019 18:32

Кадамжайлыктар «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен акысыз медициналык кароодон өтүштү. Сүрөт

Turmush -  «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен жана Кувейт өлкөсүнүн демөөрчүлөрү тарабынан Кадамжай районунун 17 айылында тургундар акысыз медициналык кароодон өтүштү.

Кадамжай районуна барган дарыгерлер тобу 6-июлдан 9-июлга чейин калкты медициналык кароодон өткөрүп, тиешелүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Аларды жана Кувейттен келген демөөрчүлөрдү, «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүн Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров баш болгон ооруканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары салтанаттуу тосуп алышып, райондук мамлекеттик администрациясында жыйын өткөрүлгөн. Жыйында райондун акими кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүнө жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирген.

«Ассанабил» кайрымдуулук фондунун менеджери Рахматулла Мухаммеддин айтымында, дарыгерлер Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен Баткен облусуна барышкан.

«Дарыгерлер Кадамжай районунун алыскы айылдарындагы, тоолуу кыштактардагы калкты медициналык кароодон акысыз өткөрүп, тиешелүү дары-дармектерди акысыз таратышты. Медициналык кербендин курамында педиатр, лор, невропатолог, кардиолог, онкомамолог, терапевт, эндокринолог бар. Мындан сырткары УЗИ, ЭКГ аппараттары, анализ үчүн лаборатория бар. Ошондой эле тиешелүү дары-дармектер менен кошо кан басымды, кант диабетин, дене табын өлчөй турган аппараттар таратылды. Алгач Көтөрмө айыл өкмөтүндө, андан соң Майдан, Халмион, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүндө болдук», - деди Рахматулла Мухаммед.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×