Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ош облусуКара-Суу району 10.07.2019 17:13 На русском

Ошто унаа менен дарыяга кулаган 2 адамдын бири аман калды. Шеригинин денеси бүгүн табылды

Turmush -  Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кеткен 2 адамдын бири аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 9-июль күнү саат 12:00 чамасында Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу райоунунун Тарылга айылында Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургундары — 1992-жылы туулган Т.у.Б. жана 2001-жылы туулган Д.Ү. «ВАЗ 2107» унаасы менен Ак-Буура дарыясына түшүп кетишкен. Унааны башкарып бара жаткан Т.у.Б. суудан чыгууга жетишкен, ал эми Д.Ү. унаа менен кошо агып кеткен.

Т.у.Б. Чычкан-Кол айылындагы Папан айылдык ооруканасына жеткирилген. Ал эми 18 жаштагы Д.Ү.нү издөө үчүн Папан айыл өкмөтүнөн бир экскаватор, республикалык куткаруу отрядынан улук лейтенант А.Жантөрөев жетектеген 8 куткаруучу, 30га жакын жергиликтүү тургун жана 3 милиция кызматкери тартылган.

Д.Ү.нүн денеси бүгүн, 10-июлда саат 15:05 чамасында Папан айыл өкмөтүнө караштуу Алчалуу айылынын жанынан Ак-Буура дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал окуя болгон жерден болжол менен 2 км алыс жерден табылган.

«ВАЗ 2107» унаасы саат 17:05 чамасында суудан чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×