Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.07.2019 17:01 На русском

Эки адамды атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алган кароолчу мамлекеттик издөөгө алынды. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде эки адамды атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алууга шектелген Смирнов Сергей Егоровичти издөө иштери уланууда. Бүгүн, 10-июлда Ак-Суу РИИБ тарабынан мамлекеттик издөө жарыяланганын аталган түзүмдөн билдиришти.

Сергей Смирнов

Маалым болгондой, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

А.Д. окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К. чек ара тозотуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан жолдон көз жумган.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин ошол жердеги чумага каршы мекемеде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы тургунун (Л.И., аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган.

Андан кийин барымтага алынган аял табылган болчу.

Азыркы тапта Сергей Смирновду издөө операциясы улантылып жатат.

Шектүүнүн өзгөчө белгилери: бою 160-170 см, көздөрү чоң жана түсү күрөң, чачы саргыл, чымыр денелүү.

Сергей Смирнов тууралуу кабары барлар 0702 148841, 0707279994, (03922) 54550, 54505, 60321 номурларына же Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кайрылып, (03948) 102 номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×