Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Баткен облусу, Сүлүктү 10.07.2019 15:51

Сүлүктүдөгү балдарга тарбиялык маанидеги тасмалар акысыз көрсөтүлүп жатат

Turmush -  Сүлүктү шаарында жуманын шейшемби жана жума күндөрү балдар үчүн тарбиялык маанидеги тасмалар акысыз көрсөтүлүп, эс алуу багында аттракциондор, бассейн иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардагы балдар китепканаларда адабий жана сүрөт ийримдери уюштурулган. Аз камсыз болгон жана турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарынын катышуусунда спорттук мелдештер уюштурулуп, аларды сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 15000 сом бөлүнгөн.

Ошондой эле шаардагы «Тоо бүркүтү» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда 100дөн ашык өспүрүм эс алууда. Анын ичинен 23 бала атайын орто билим берүүчү көмөкчү жатак мектебинин балдары. Аталган борборду оңдоп-түздөө иштерине 2019-жылдын июнь айында шаарды бюджетинен 200 миң сом, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен 200 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×