Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусу, Баткен 10.07.2019 10:33 На русском

Баткенде турак үй өрттөнүп, келиндин себи күйүп кеткен

Turmush -  Баткен шаарында турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Өрт 5-июль күнү саат 14:25 чамасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы Матемиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.

Өрттөнгөн үйдүн ээси 1961-жылы туулган М.А. экени аныкталды. Окуя болгон жерге Баткен шаардык жана райондук №26 өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тартылган. Жалпысынан 2 бөлүм иш алып барып, өрттү саат 16:40та курчоого алышкан жана саат 17:48де өрт толугу менен өчүрүлдү.

ӨКБнын маалыматына караганда, үйдүн 117 чарчы метри өрттөнүп, 7 терезе, 5 эшик, 2 гарнитур, 2 диван жана келиндин себи күйүп кеткен.

Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×