Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 10.07.2019 10:09 На русском

Сел агызган жүк ташуучу унаа. Окуя учурундагы видео

Turmush -  Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында кечээ, 9-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, «ГАЗ-53» менен «Хонда Одиссей» унаасын агызып кетти.

ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков 2 унааны сел агызып кеткендигин ырастады.

«Кечээ, 9-июлда кечки саат 16:30 чамасында катуу сел жүрүп, 2 автоунааны агызган. Ошондой эле селдин кесепетинен 4 үйдүн жер төлөсүнө ылай аралашкан суу кирген», - деди Тойчубеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×