Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ош облусуКара-Суу району 10.07.2019 09:46

«Мени эмне үчүн жибердиңиз?»: Ата-энелер Кара-Суудагы лагердин шартына нааразы. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик «Жеткинчек» лагери жыл сайын облустун аймактарынан жана Ош шаарынан келген балдарды кабыл алат. Эки топ менен 250дөн бала келип, 10 күн эс алып кетишет.

Бирок 41 жыл мурун курулган лагерь бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдиришти.

Чоң-Алай районунун тургуну — уулун «Жеткинчек» лагерине жиберген Үпөл Ысакова шарт жок болгондон кийин лагерь балдарды кабыл албашы керек деген пикирде.

«Мугалимдердин балдары үчүн деп профсоюздан жолдомо берилгенде балдарыбызды сүйүнүп жөнөткөнбүз. Балам менен байланышпай эле жүрө бериптирмин. Кесиптешим лагерден эки кызын алып кетип калдым дегенинен Ош шаарында жашаган сиңдиме телефон чалып, баламдан кабар алуусун сурандым. Сиңдим барса, уулум кетем деп туруп алыптыр. Баламдын айтымында, лагерде чоң балдар коркутуп, уурулук да болуптур. Ошол жердин кызматкери “бул лагерь аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим-жесирлер үчүн, кыйын болсоңор жеке менчик лагерге баргыла” деп балдардын көзүнчө айтыптыр. Уулум “апа, ал жер жетим балдар үчүн болсо, мени эмне үчүн жибердиңиз?” деп аябай капа болду. Эмне үчүн балдарды басынтышат? Уулум лагерде эч нерсе жок экен деп айтып келди. Бир топ берип, аянтчага чыгарып коёт экен. Сиңдимдин айтымында, селкинчек да, бастырма да жок, айланасы саргайган чөп экен», - деди Үпөл Ысакова.

«Жеткинчек» лагери Ош облустук профсоюздун кеңешине карайт. Лагердин директору Анвар Хакимов аталган жайды оңдоо профсоюз тарабынан гана чечилерин айтат.

«Мамлекеттик лагерди буздурбай кармап отуруу кыйын экен. Чын эле селкинчек, бастырмалар жок. Балдар селкинчектен жыгылса дагы биз жооп беребиз. Ата-энелер келип "жууркандарды канча ирет алмаштырасыңар?" деп сурашат, бирок өздөрү үйүндө 1 айда бир жолу алмаштырышат. Үйдө менин жубайым дагы 4 маал тамак бербейт. Бул жерде витаминдүү тамактар берилет. Косметикалык оңдоо иштерине гана акча бөлүнөт. Мен эч нерсени чечпейм.

"Тазалыктын" кызматкерлери айланасын тазалап берсин деп суранганбыз, бирок эч ким келбегендиктен өзүбүздүн кызматкерлер тазалашты. Балдарды шаардагы окуу жайлардын 1-2-курсунун студенттери карашат», - дейт Анвар Хакимов.

Аталган лагерде иштеп жаткан Кызбурак Маманова балдар атайын программанын негизинде окутулуп, эс алышарын билдирди.

«Күнүмдүк программабызда түрдүү сынактар, оюндар бар. Балдар бассейнге түшүшөт, бийлешет. Шарты жакшы деп айта албайм, чын эле оңдоого муктаж. Бирок балдардын он күнү текке кетпейт», - деди ал.

Кызматкерлер жергиликтүү бийлик жок дегенде отургучтарды орнотуп берсе дешет. Алардын айтымында, ашканадагы меш, чай кайнатуучу челектин эскилиги жеткен. Бассейндин жана балдар ойноочу аянтчанын айланасын чөп басып кеткен жана суу түтүктөрүнүн көбү жарылып калган.

Ал эми Ош облустук профсоюздун төрагасы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×