Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.07.2019 08:08 На русскомНа русском

Ысык-Көлдө кудадан кайтып келе жаткандардын кичи автобусу оодарылып кетти (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 9-июль күнү болжол менен саат 16:45 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. Бул маалыматты Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кичи автобустун айдоочусу Түп районунун 1965-жылы туулган тургуну М.К. экени аныкталды. Ал Түп айылынан Ош облусунун Ноокат районуна кудага барып, кайра кайтып келе жатканда уктап кеткен жана унаа жолдон чыгып, оң капталы менен оодарылып калган. Кичи автобуста 15 жүргүнчү болгон, алардын ичинен төртөө өспүрүм. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алып, тез жардам кызматы тарабынан медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ооруканага 2 аял киши — 1937-жылы туулган С.Ж. жана 1971-жылы туулган Э.Б. кайрылышкан.

ЖКККБнын кызматкерлери кичи автобусту тургузуп, жүргүнчүлөрдү башка унаага салып, үйлөрүнө жөнөтүшкөн.

Ошондой эле жаракат алгандарга алгачкы медициналык жардамды жаңы түзүлгөн туристтик милициянын кызматкерлери көрсөткөндүгү белгилүү болду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, алар кызматтык иш сапар менен Ысык-Көл облусуна бара жатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×