Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 09.07.2019 19:18 На русском

«Колу-бутун скотчтоп, бычак менен кескиледим»: 11 жаштагы маркумдун эжесинин көрсөтмөсү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районунда 11 жаштагы баланын бычакталып өлтүрүлүшү боюнча ыкчам иликтөө иштери улантылып жатат. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяга байланыштуу жаңы жагдайларды билдирди.

Расмий маалымат боюнча, 8-июлда саат 18:30 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Барпы айыл аймагынын Канды айылында жаш баланын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кошунасы баланын жансыз денесин көргөндө дароо милицияга кабар берген. Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери, Сузак РИИБдин жетекчилиги, Сузак районунун прокуратурасы жана Сузак РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге барышты.

Турак үйдүн чоң бөлмөсүнөн табылган баланын денеси бычак менен бир нече жолу кескиленип, 2 колу жана 2 буту түзсүз скотч менен оролгон абалда болгон. Маркумдун өздүгү такталып, 2008-жылы төрөлгөн С.А. экени белгилүү болгон.

Дароо ыкчам тергөө иштери башталып, ошол эле үйдүн башка бөлмөсүнөн кат табылган. Анда үйдүн ээсинин аты аталып: «Мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым», - деген мазмунда жазылган.

Үйдүн короосунун ичинде жайгашкан даараткананын ичинен аял кишинин кийимдери (футболка, чолок шым) табылып, ал кийимдерге канга окшогон түстөгү суюк зат шыбалганы белгилүү болгон. Ошол жерден ашкана бычагы да табылды.

Окуя болгон учурда маркум баланын ата-энеси үйүндө болгон эмес. Бул окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү фактысы катары катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мыкаачылык ишти тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун бир тууган эжеси — 14 жаштагы К.А. балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери, педагог, психологдун жана жактоочунун катышуусунда суракка алынган.

Буга чейин маркум үйдүн кичүү уулу жана Бишкекте жогорку окуу жайда билим алып жаткан 2 агасы, мектепте билим алган эжеси бар экени маалым болгон. Анын атасы таксист болсо, апасы айылдагы бала бакчада тарбиячы.

Маркумдун бир тууганы — 14 жаштагы кыздын көрсөтмөсү: «Ойгонгондон кийин (ата-энеси жумушка кеткен) иним экөөбүз дарбыз талашып урушуп кеттик. Ошондо иним аш бычак менен өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Түштөн кийин иним сууга түшүп келейин деп уруксат сурап кеткен. Ошол бойдон болжол менен саат 16:00 чамасында үйгө келди.

Биз мурун бири-бирибизди скотчтоп ойночубуз. Мурункусунда мени скотч менен байлаган болчу. Ошондуктан үйдүн чоң бөлмөсүндөгү кызыл столго инимдин колу-бутун скотч менен байладым. Ошол учурда иним мага сүйлөп, жиниме тийди. Атам мал сойгон бычакты алып, инимди бычактап салдым. Бирок кантип, канча жолу бычактаганымды билбейм.

Бычакты, жаңы футболканы, кийимдеримди үйдөгү дааратканага ыргытып жибердим. Эч ким билбей калсын дегем. Андан кийин кошуна Айнура деген эжеге барып, инимдин өлүп калганын айттым. Бирок ага мен кылганымды айткан жокмун».

Сурактан кийин К.А. балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине тил каттын негизинде өткөрүлүп берилди. Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

«Жашы жете элек К.А. берген көрсөтмө ыкчам топ окуя болгон жерде текшерүү жүргүзгөн учурда табылган далилдер (буюмдар, издер) менен дал келет», - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×