Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 09.07.2019 16:09 На русском

«Жээкке калкып чыгып калган»: Көлгө чөгүп кеткен 2 жигит таяке-жээн болгон

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылында көлгө чөгүп каза болгон 2 жигит бири-бирине таяке-жээн болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунун тургуну билдирди.

Анын айтымында, алар курулушта иштешчү.

«Каза болгондордун бири – 1990-жылы туулган жигит Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынан болот. Бирок Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунда жашашат. 5 бир туугандын эң кичүүсү болчу. Үй-бүлөдө 3 кыз, 2 уул. Атасы жана 2 баласы тең уста. Каза болгон бала менен байкеси үй куруп иштешчү. Өздөрү 2 кабат үй куруп жатышкан, бүтүп калышкан эле. Экөө тең үйлөнө элек болчу. Каза болордон мурунку күнү эле үйүнө келип, ата-энеси менен учурашып кеткен экен. Эртеси көлгө чөгүп каза болуп калды.

Ал эми экинчи бала 1998-жылы туулган. Ал каза болгон жигиттин эжесинин уулу. Экөө таяке-жээн болушчу. Жээни студент болуп келип, 2-3 жылдан бери алардын үйүндө жашачу. Таякеси менен кошулуп, курулушта иштеп жаткан. Ошол күнү жумуш аяктамак экен. Электр энергиясы өчүп калгандыктан 4 бала көлгө түшкөнү келишиптир. Пристандан биринчи 1990-жылкы жигит секириптир. Ичи менен катуу түшүп калганбы, айтор бир маалда чөгүп жатканын көргөн жээни артынан секирип, ошол бойдон чыкпай калышыптыр.

Алар менен чогуу барган эки жигит дагы сууга кирип, бирок чыгара албай коюшкан экен. Аларды дагы ооруканадан араң эс алдырышыптыр. Каза болгон 1990-жылкы жигит тамеки чекпеген, арак ичпеген, мүнөзү токтоо жигит болчу. Аны тааныгандардын баары кайгырып жатышат. Мурунку күнү келип коштошуп кеткен турбайбы деп калдык. Айла жок, ажал экен. Ал өзү өскөн айылына коюлду», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көлгө чөгүп кеткен эки жигиттин денеси табылганын жазган.

Кырсык 3-июлда саат 13:00 чамасында Тоң районундагы «Аалам Ордо» комплексинин аймагында катталган. Көлгө 1990-жылы жана 1998-жылы туулган эки жигит чөгүп кеткени белгилүү болгон.

Кырсык болгон жерге Бөкөнбаев айылынан №38 куткаруу кызматынын кызматкерлери жана суучулдар жөнөтүлгөн. Экинчи топ окуя болгон жерге жете электе сууга чөккөн эки жигиттин денеси катуу шамалдан улам жээкке калкып чыгып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×