Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Баткен облусу, Баткен 09.07.2019 14:20 На русском

Тажикстандын түрмөсүнөн табылган жигит эмне үчүн кармалган? Видео

Turmush -  Бүгүн, 9-июлда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанына Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан аткезчилик боюнча кармалган 27 жаштагы жигиттин жакындары чогулушту.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, саат 14:00гө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу белгиленген.

Тажикстандын аймагынан жоголгон Газыбектин агасынын айтымында, тамеки жана насыбай менен алектенген Баткен облусунун тургундары даярдалган продукцияны Кара-Бак айылына алып барышат. Ал жерге Тажикстандан дүңү менен сатып алуучулар келишет. Газыбек тамеки өстүрүүчүлөр менен Тажикстандын ишкерлеринин ортосунда ортомчу болгон.

Ишкерлер продукция үчүн каражатты банк аркылуу жөнөтүп, кээде накталай акча беришчү. Аталган күнү Газыбекти Тажикстандын аймагындагы Сурх айылына жолугушууга чакырышкан. Ал жерде ишкерлер менен жолугуп, акча алмак. Жакындары белгилешкендей, Газыбек аталган айылга «Хендай Портер» менен барган жана унаада жүк болгон эмес.

«Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармоо иштерин кантип жүргүзгөнүн айтып берүүчү күбө бар», - дешет алар.

Газыбек 1992-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Буга чейин Баткен районунун Достук айылынын дайынсыз жоголгон 27 жаштагы тургуну табылганы маалымдалган. Ал аткезчилик боюнча Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, К.Газыбектин жакындары милиция кызматкерлерине кайрылып, анын жоголушу тууралуу арыз жазышкан. Издөө иштери 5-июль күнү башталган. Ушул эле күнү кечинде Тажикстандан аткезчилик боюнча эки адам — Кыргызстандын жана Тажикстандын жараны кармалгандыгы жана алар убактылуу кармоочу жайга киргизилгени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Маалым болгондой, аталган күнү Достук айылынын тургуну К.Газыбек Исфара районунун Сурх айылынын ичине (200 метрдей) транзиттик жол аркылуу кирип, өзүнүн «Портер» үлгүсүндөгү унаасына тамеки жүктөп жатканда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тажикстандын жараны жана Кыргызстандын жараны аткезчилик жол аркылуу Тажикстандан Кыргызстанга 30 000 долларлык тамекини өткөрүүгө аракет кылышкан.

Учурда укук коргоо органдары эки тараптуу териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×