Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.07.2019 11:15 На русском

Аксыдагы Ак-Терек каналында кайрадан курулуш иши жанданды (сүрөт)

Turmush -  Коңшу мамлекеттен сууга болгон көз карандылыкты жоюу үчүн курулуп жаткан Аксы районундагы Ак-Терек каналында кайрадан жумуш жанданды. Май айынан тарта каналды казуу, тазалоо иштери жүрүүдө. Мындай маалымат өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин аймакка болгон жумушчу сапарында белгилүү болду.

Маалым болгондой, облус башчысы каналда жүрүп жаткан жумуштун сапатына кызыкты.

«Өкмөт ирригацияны артыкчылыктуу багыт катары баалап, сугат суу менен камсыздоого болгон күч-аракетти жумшап жатат. Каражат бөлүнүп жатканын айтып жатасыңар, ошого жараша жумушту кынтыксыз бүтүрүүгө чакырам», - деп облус башчы куруучуларга кайрылды.

Маалым болгондой, каналдагы эң оор жумуш суу агып өтүүчү 223 метрлик тоннелди казуу иштери экенин адистер айтып келишет. Тоо тешип өткөн каналдын бийиктиги 3 метр, туурасы 2,5 метр болот. Учурда тоннелдин эки башында тең бетме-бет жумуш жүрүп жатат. Тоннелдин күн чыгыш тарабынан казуу, күн батыш тарабынан бетондоо жумушу жүрүүдө. Бул жумуштар үчүн 2 бургулап тешүүчү станок, 2 бетон насос, 2 жүктөгүч иштөөдө.

Жалпы узундугу 7 чакырым 400 метрди түзгөн Ак-Терек каналы ишке берилсе, адегенде суу маселесине байланышкан көйгөйлөр чечилет. Тактап айтканда, Кашка-Суу, Кош-Дөбө айыл аймагындагы, Кербен шаарындагы айыл чарба багытындагы 1000 гектардан ашуун жерге суу жетет. Тургундардын чарбагындагы эгиндери да сугат суу менен камсыз болот.

Экинчи этапта Ак-Терек каналы Кербен—Кызыл-Алма—Иринжит каналына кошулуп, Сары-Жайык деп аталган жердеги 3 миң гектар кайрак жер жаңыдан өздөштүрүлөт. Ал жерден жаш үй-бүлөлөргө жер тилке берилип, жаш түгөйлөрдүн айылы пайда болорун акимчиликтин өкүлдөрү айтып келишет.

Ак-Терек каналын куруунун жалпы сметалык баасы 800 миллион сомду түзөт. Бул каражат республикалык бюджеттен каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×