Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусу, Нарын 09.07.2019 09:55

Молдокелерден чыккан мыкты коргоочу, чабуулчу жана дарбазачы… Жайлоодогу футбол

Turmush -  5-6-7-июль күндөрү Нарын облустук казыяты тарабынан уюштурулган имамдардын семинары Ат-Башы районунун Чар жайлоосунда өттү.

Казыяттан билдиришкендей, семинарга аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Жакшылык Борочоров жана дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Садыбаккас ажы Доолов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү Чолпонбек Насирдинов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы Азамат Оморов катышты.

Семинардын максаты — имамдардын арасындагы ынтымакты, биримдикти, байланышты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу. Семинардын акыркы күнүндө спорттук иш-чара уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу байгелер жана кубоктор тапшырылды.

«Футбол, волейбол оюндары өттү. Жалпысынан алты команда катышып, оюн абдан кызыктуу болду.
Футбол оюнунда Нарын казыяты 1-орунду, Ат-Башы району 2-орунду алса, 3-орунду Нарын районунун имамдары багындырды.

Ал эми волейбол оюнунда 1-орунга Ат-Башы району, 2-орунга Нарын казыяты, 3-орунга Нарын районунун имамдары татыктуу болду. Муну менен катар бул күнү «Мыкты коргоочу», «Мыкты чабуулчу» жана «Мыкты дарбазачы» наамдары ыйгарылды», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×