Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуМосква району 08.07.2019 22:04 На русском

Видео: Чүйдө арпа өскөн 200 гектар жерде өрт чыкты

Turmush -  Бүгүн, 8-июлда Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айыл өкмөтүндө 200 гектардан ашык арпанын орду өрттөндү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 130 га жер чабылган арпанын орду болгон. Ал эми 70 га жердеги арпа чабыла элек болчу. Өрт чыккан жерге өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүргүчтөрү барып, саат 17:20 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себептери аныкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×