Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 08.07.2019 23:00

Кара-Сууда тургундардын катышуусунда көйгөйлөрдү талкуулашты

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө 2020-жылга карата иш пландарды карап чыгуу максатында коомдук угуу уюштурулду. Ага айыл өкмөттөгү 7 айылдын тургундары катышкан. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Шарабидин Капаров билдирди.

Анын айтымында, коомдук угууда эл тарабынан айтылган көйгөйлөр талкууланды.

«Биз 2020-жылдагы иш пландарыбызды тааныштырдык. Кийинки жылы кайсы иштерди аткаруу керектигин эл менен кеңештик. Эл тарабынан бир катар көйгөйлөр айтылды. Ал көйгөйлөрдүн баарын өзүбүз дагы талкуулайбыз. Бюджетти бөлүү боюнча кайра коомдук угуу уюштуруп, эл менен кеңешебиз», - деди Ш.Капаров.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн карамагында 7 айыл бар. Жалпы 37 миң калк жашайт. Айыл өкмөттүн бир жылдык бюджети 32 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×