Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.07.2019 17:19 На русском

«Сергей, мени коё берчи...»: Барымтага алынган Иринанын жашоосундагы унутулгус күн. Видео

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде эки адамды атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алууга шектелген Сергейди издөө иши уланууда.

Барымтага алынган Ирина Лунева учурда Каракол шаарындагы үйүндө. Ал башынан өткөргөн окуяны Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Ирина Лунева Каракол шаарындагы жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кампасында 3 жыл иштеп, ушул жылдан тартып Сары-Жаз жергесинде кара тумоону алдын алуу багытында түзүлгөн отряддын ашпозчусу болуп эмгектенип баштаган. Ал «Хан-Теңири» лагерине 30-июнда барган.

«4-июлда эртең мененки тамактануудан кийин октун үнүн уктум. Ошол учурда ашканада болчумун. Эмне болуп жатат деп эшикти көздөй бет алдым. Аймончокту көрдүм (жылкычы Улуктун аялы). Ал мени өзүнө чакырды. Мен ашкананын батыш жагынан чыгып бараткам. Сергей чыгыш жагынан келе жатыптыр. Эч жаман оюм жок эле Сергейден эмне болуп жатканын сурадым. Анын колунда мылтык бар экен. Ал мага «мылтык өзүнөн-өзү атылды» деп жооп берди. Коркуп артка жөнөдүм. Сергей «токто!» деп буйрук берди. Ошол маалда Аймончок «Сергей бизди өлтүрбө» деп суранып жатты. Мени ийинден кармап, сыртка түртүп чыгарды. Улукка «атты токуп бер» деп айтты. Андан кийин атка мени өңөрүп, тоо тарапка бет алды. Жолдон «Сергей мени эмне кыласың? Мен энеге керекмин? Менин балдарым бар, коё берчи» деп суранып жаттым», - дейт Ирина Лунева.

Кылмышка шектүү ага тийбегенин айтып, аны менен эне-баладай сүйлөшкөнүн билдирди.

«Менин 5 балам бар. Улуу кызымдан да кичүү экен (шектүү Сергей). Балдарым менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүүгө аракет кылдым. Балдарым бар экенин, кичүү балам тогуз жашта экенин, алар мени жумуштан күтөрүн айтып жаттым. Ошол эле учурда анын ата-энеси тууралуу сурадым.

Сергейдин 3 эжеси бар экен. Алар кичине кезинде эле апасы каза болуп калыптыр. Атасы Сергей 13 жашка чыкканда каза болгон имиш. Ушул жагын жакшы түшүнбөй калдым. Атасы оор мүнөз болгонун да айтты. Мындан тышкары Чүй облусундагы балдар үйүндө чоңойгону, оор балалыгы тууралуу айтып берди. Мен анын көзүнөн ата-эненин мээримине муктаж экенин көрүп турдум», - деди барымтага алынган аял.

Ал андан ары сөзүн улап: «Мен Сергейден "эмне үчүн аттың?" (лагердин жетекчисинин орун басары менен лагердин кызматкери көз жумган) деп сурасам, “ал мени тарбиялабасын» деп гана кыска жооп берди. Ошол эле учурда асмандан тик учак көрдүк. «Кыйкырба, атып салам» деди. Анын мылтыгында толтура ок бар экенин көргөм. "Мен алардын колуна тирүү бойдон түшпөйм. Өлүгүмдү да таптырбайм. Алардын огунан өлгүчө өзүмдү-өзүм атып өлөм" деп да айтып жатты. Мени таңга маал бошотту. Кетип бара жатканда артымдан артып салат го деп коркуп жаттым. Сөзүнө турду. Ал мага тийген жок. Лагерге чейин канча басканымды билбейм. Жолдо кудайга жалынып, тирүү калганыма ыйлап келе жаттым», - дейт Ирина.

Буга чейин «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бир адам барымтага алынганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалыматка караганда, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

А.Д. окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К. чек ара тозотуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан жолдон көз жумган.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин ошол жердеги чумага каршы мекемеде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы тургунун (Л.И., аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган.

Андан кийин барымтага алынган аял табылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×