Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуНарын району 08.07.2019 16:18 На русском

Нарын районунда 1 жыл мурун жоголгон тургун изделүүдө

Туратбек Бейшеналиев
Туратбек Бейшеналиев

Turmush -  Нарын районунун бир жыл мурун дайынсыз жоголгон тургуну изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 28-октябрь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында Нарын районунун Кара-Чий айылынын 1971-жылы туулган тургуну Бейшеналиев Туратбек Жумакадырович Кара-Бодур кыштоосунан Кара-Чий айылына кеткен бойдон дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: сары киши, бою 170-175 см, чап жаак, маңдайындагы үстүңкү 3 тиши жок.

Кийген кийимдери: кара баш кийим, колунда жашыл кепкасы бар, кара түстөгү кышкы куртка, камуфляж шым, кара бут кийим.

Туратбек Бейшеналиев тууралуу кабары барлар «102» кызматына, 03522 5 16 51 номуру менен байланыша алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×