Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусуБаткен району 08.07.2019 15:14 На русском

Баткен районунда изделип жаткан тургун Тажикстандын түрмөсүнөн табылды. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Баткен районунун Достук айылынын дайынсыз жоголгон 27 жаштагы тургуну табылды. Ал аткезчилик боюнча Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, К.Газыбектин жакындары милиция кызматкерлерине кайрылып, анын жоголушу тууралуу арыз жазышкан. Издөө иштери 5-июль күнү башталган. Ушул эле күнү кечинде Тажикстандан аткезчилик боюнча эки адам — Кыргызстандын жана Тажикстандын жараны кармалгандыгы жана алар убактылуу кармоочу жайга киргизилгени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Маалым болгондой, аталган күнү Достук айылынын тургуну К.Газыбек Исфара районунун Сурх айылынын ичине (200 метрдей) транзиттик жол аркылуу кирип, өзүнүн «Портер» үлгүсүндөгү унаасына тамеки жүктөп жатканда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тажикстандын жараны жана Кыргызстандын жараны аткезчилик жол аркылуу Тажикстандан Кыргызстанга 30 000 долларлык тамекини өткөрүүгө аракет кылышкан.

Учурда укук коргоо органдары эки тараптуу териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×