Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусу, Токмок 08.07.2019 13:24

Токмокто жергиликтүү бийлик үйү өрттөнгөн жалгыз бой эненин абалы менен таанышты

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында жергиликтүү бийлик үйү өрттөнүп кеткен жалгыз бой эненин абалы менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, калаа башчысы Данияр Амангелдиев, вице-мэр С.Ступников, шаардык кеңештин депутаты Ю.Ваншу жана ӨКМдин Токмок шаарындагы башкармалыгынын кызматкерлери Ольга Евсюкованын абалын сурап, мэр тиешелүү жардамдар берилерин белгиледи.

Буга чейин Чүй облусунун Токмок шаарындагы турак үй толугу менен күйүп кеткендиги маалымдалган. Үйдүн ээси — жалгыз бой Ольга Евсюкова аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя 2-июлда болгон.

Ал үч баланын энеси.

«Мен үйлөрдү сырдап, жыйнап, актап, убактылуу жумуштарда иштейм. Үй өрттөнгөн маалда жумушта болчумун. Мага кабарлаганда дароо үйгө келдим. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп жатышыптыр. Бардык эмеректер, документтер күйүп кетти. 3 балам менен көчөдө калдык. Балдарымдын улуусу 10 жашта, экинчиси 8 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта. Бул үй мага чоң ата, чоң энемден калган. Азыр менин эч кимим жок», - деди ал.

Кошуналары аталган үй-бүлө идиш-аяк, үй эмеректерине, муздаткычка, кийим-кече, азык-түлүккө муктаж экендигин айтышты.

«Үчүнчү кызы боюнда бар кезде күйөөсү жумушка кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес», - деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×