Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, КЕмин 08.07.2019 13:03

Кеминде 280 дарыгерге майрамдык иш-чара уюштурулду. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күнүнө карата 280 медициналык кызматкердин катышуусунда майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

5-июлда өткөн иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурлан Шаршеналиев катышып, жарандардын ден соолугун коргоого, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн 1 кызматкерге Жогорку Кеӊештин ардак грамотасын, 1 кызматкерге ЖКнын аялдар кеӊешинин «Мээримдүүлүк» медалын, 2 кызматкерге Чүй облустук мамадминистрациясынын «Кеменгер» ардак белгисин жана 4 кызматкерге өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле 6 кызматкерге Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталарын салтанаттуу тапшырды.

Райондун акими наамдарды, ардак грамоталарды тапшыруу менен бирге Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санаритештирүү жылынын алкагында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, саламаттыкты сактоо тармагын өзгөчө белгилеп кетти. Калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөөнү жакшыртуунун маанилүүлүгүн, жаӊы технологияларды пайдалануу менен элдин ден соолугуна кам көрүүнү күчөтүү учурдун талабы экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Кемин районундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери да Саламаттыкты сактоо министрлигинин наамдарын өз кызматкерлерине тапшырды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, демөөрчү тарабынан 280 адамга гүлдестелер жана белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×