Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусу, Токмок 07.07.2019 20:17

Видео – Жүргүнчүлөрү менен Ысык-Көлгө бара жаткан «Спринтер» жол кырсыкка кабылды

Turmush -  Бүгүн, 7-июлда Бишкек–Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгына чиркегич (прицеп) менен мал жүктөп бара жаткан жеңил унаа жана жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы (болжол менен Чолпон-Атага бара жаткан) кабылган. Мал жүктөп бара жаткан жеңил унаанын чиркегичи чыгып кетип, карама-каршы тилкеде келе жаткан кичи автобусту сүзгөн.

Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан дагы тастыкташты.

«Болжол менен саат 17:30да Бишкек–Торугарт унаа жолунун 55-чакырымында (Токмок шаары тарапта) жол кырсыгы катталды. Маршруттук каттам менен Ысык-Көлгө бара жаткан кичи автобуста 18 киши бар экен. Жеңил унаа чиркегичи менен Токмок тараптан Бишкек шаары көздөй бара жатыптыр. Чиркегичинде мал бар экен.

Чиркегич чыгып кетип кичи автобусту капталынан сүзгөн. Жабырлануучулар жок, төрт адам ооруканага текшерилүү үчүн кетишти», - деп айтылат Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×