Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.07.2019 14:49 На русском

Чолпон-Атада 2 унаа кагышып, эки адам каза болду (толукталды)

Turmush -  Бүгүн, 7-июль күнү эртең менен Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 2 унаа кагышты. Анын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы саат 4:30 чамасында Бактуу-Долоноту айылында катталган. 1995-жылы туулган Х.Э. «БМВ Х-7» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, «Лексус» унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен «Лексус» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болгон. Ушул эле унаадагы 2 жүргүнчү оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Азырынча жол кырсыктын себептери белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×