Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуНарын району 07.07.2019 12:01 На русском

Мушкерлердин кыл чайнашы: Нарында өткөн эл аралык турнирден фоторепортаж

Turmush -  Нарын районунун Куланак айылында Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата «Кулатуу эр таймаш WEF 81 PROFIGHT 34» аталышындагы эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 6-июль күнү өткөн турнирге Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, ЖКнын депутаттары – Жыргалбек Турускулов, Мирлан Бакиров, Улан Примов, Алтынбек Жунус уулу, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, жергиликтүү тургундар жана башка коноктор катышты.

Аталган турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мушкерлери дагы келишкен. Мелдештин негизги бөлүгү саат 17:00дө башталган.

Иш-чара Кулатуу эр таймаш WEF федерациясы тарабынан уюштурулган. Турнирге жалпысынан 48 мушкер катышып, 19 беттеш өткөрүлдү. Алардын ичинен чемпиондук кур үчүн 2 беттеш болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×