Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуНарын району 12.07.2019 21:08

Айыл турмушу: 80 жаштагы Жусуп Аскаров 77 баш ирик үчүн «креслодон» түшкөн

Жусуп Аскаров
Жусуп Аскаров

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын 80 жаштагы тургуну Жусуп Аскаров Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы. Убагында ферманын, аскер бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби мугалим болсо дагы атасынын жолун улап, малчы болгон. Андан кийин бир катар кызматтарда жетекчилик кылган.

«1939-жылы Үч-Чат колхозунда туулдум. Атам Аскар Аламанов Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-жылы декабрь айынын аягында келген. Ошол кезде 6 гана жашта болчумун. Энем дагы атам курактуу болчу. Эки бир тууганмын. Атам согуштан келгенде инилүү болгом. 1951-жылы 4-классты Үч-Чаттан бүттүм. 1960-жылы 10-классты Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектебинен аяктагам. Андан кийин педагогикалык училищага барып, башталгыч класстын мугалими адистигин алып чыккам. Ош облусунун Араван районунда мугалим болуп иштегениме 3 ай болгондо атам ооруп калып, кайра айылга келгем. Атам койчу болгондуктан ишин колго алып, кой багып жүрдүм. Малды жакшы баккандар, жакшы төл алгандар партиянын катарына өтчү. Мен дагы малды жакшы багып, 1964-жылы райкомдун жолдомосу менен партиялык окуу жайда окуп, кенже зоотехник уюштуруучу адистигин алдым. Уй, жылкы баккан чарбанын Ак-Сай кыштоосундагы ферма башчысы болуп 10 жылдай иштедим. Ошол учурда деле менчик малдар бар болчу. Алар мал чарбанын эсебинен багылчу. Андан кийин ошол эле фермада эсептегич адис болдум», - деди ал.

Жусуп Аскаров Эмгекчил айылындагы мектепте завхоз, кампа башчысы, кийин балдарды аскерге жөнөтүү бөлүмүнүн жетекчиси да болгон.

«Ошол кезде тартип аябагандай күчтүү болчу. Чарбага балдарды жеткирүү үчүн унаалар берилчү. Эгер анча-мынча кемчиликтер болсо колхоздун башкармасын алып, маселени борбордо карачу.

Оорусуна байланыштуу эле барбай калбаса, жөн эле аскерге барбайм деген бала болчу эмес. Тартиптин катуулугунан суук 50 градуска чейин болсо дагы малдын өлүгүн малчыларга көмдүрчү. Калп айткан менен болобу, малчыларга шарттар сонун түзүлгөн. Гезит, журналдан тарта жылуу кийим, тамак-аштан бери камсыздалчу. Малчы эмне десе ошону аткарчубуз. Эгер аткарбасаң колхоздун башкармасы баш болуп жооп берчүсүң. Бирөө келип, «чайыбыз жок же гезит албай калдым» десе эле ишибиз бүтчү. Азапты тартчубуз. Кээде ичи күйгөн адамдар атайын эле алган жокмун деп айтып коюшчу (күлүп). Эң кыйын малчы кадырлуу болгон. Оозунан эмне сөз чыкса, баарын аткарчусуң. Кээ бир малчылардын иши жакшы болбой калганда сөгүш алчумун.

Ал учурда кошуп жазуу деген балекет бар эле. Мен ферма башчысы болуп жүргөндө ушул эле Эмгекчилде эки ферма иштечү. Ошол ферманын бири өлгөн малдарын бизге кошуп жазып коюптур. Ошондо 77 ирик өлдү деп мени жумуштан алышкан. Андан кийин кайра ферма башчысы бол деп чакыртышканынан барбай койгом.

Малчылардын милдети — малдын жүнүн арбын алуу, төлүн көбөйтүү, малдын башын аман кармоо болчу. Алдыңкы чабандар Жогорку Советке, облустук, райондук советке депутат болуп шайланып, аларга акчалай сыйлыктар, орден, медаль, грамоталар тапшырылчу.

Ушул жогорудагы кызматтарда иштеп жүрүп эле кийин ардактуу эс алууга кеткем. Ошол кезден бери эле айылда дыйканчылык менен алек болуп, өз оокатымды кылып келем.

Жакшы иштеп алдыңкы ферма башчысы болуп, райондук ардак такталарга чыгып, акчалай жана мал менен сыйланып жүрдүм», - дейт ал.

Каарманыбыз жубайы Айчүрөк апа менен 10 баланын ардактуу ата-энеси, 36 неберенин, 16 чөбөрөнүн сүйүктүү чоң ата, чоң энеси болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×