Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 05.07.2019 10:46 На русском

Бермет эне менен 70 жаштагы Чапай ата эмне үчүн кучакташып ыйлашты?

Turmush -  Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда өткөн Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесинде 59 жаштагы Бермет эне 70 жаштагы суусамырлык Чапай атаны кучактап ыйлады.

Анын айтымында, Чапай аксакал менен Бермет эне 32 жылдан кийин жолугушкан. Суусамыр өрөөнүнүн 70 жаштагы тургуну Чапай Кожомкул балбандын бир тууган иниси Мокотайдын уулу.

Ал эми 59 жаштагы Бермет Кожобергенова Кара-Балта шаарынын тургуну. Анын өз атасы Садырбек, чоң атасы Кожоберген. Кожобергендин чоң атасы менен Кожомкул балбандын чоң атасы бир тууган болгон. Каракол жайлоосундагы Кожомкул балбандын тоюнда аталаш туугандар 32 жылдан кийин жолугушту.

«Кожомкул чоң атамдын тоюна барып, анын балбандыгы, адамдык улуу касиеттери, коомдук ишмердиги элиме сиңгендиги менен сыймыктандым. Чет элден келген адамдарда кыргыз элинде Кожомкул балбан болгондугу жөнүндө түшүнүк бар экендигине таңдандым. Тойдо катар тизилген боз үйлөрдөн Чапай байкемди издедим. Суусамырлык туугандардын боз үйүнө уулум Эмил, келиним Нурзада жана неберем болуп кирдик. Анда отурган Кожомкулдун урпактарынын арасынан чоң апам менен сүйлөшүп чай ичтик. Андан Чапай байкемди сурадым. Аңгыча ал боз үйдүн босогосунан баш бакты. Мени бир карап алды да «Берметсиңби? Кел айланайын» деди. Мен ордумдан туруп басып бардым. Ал мени кучактап кадимкидей ыйлады. Мен да ыйладым. Бул кубанычтын, сүйүнүчтүн, сагынуунун ыйы эле. Биз бири-бирибизди 32 жылдан бери көрө элек болчубуз.

Мен Чаткалдын тургунуна турмушка чыгып, ошол жакта көп жыл жашадым. Азыр турмуш шартка байланыштуу Кара-Балта шаарында жашап жатам. Эсимде, 1987-жылдын кыш мезгили болчу. Суусамырга үй-бүлөбүз менен барганбыз. Ошондо Чапай байкемдин үйүнө барып конок болгонбуз. Андан бери көрө элек элем. Мына, тойдо жолугушуп чер жазыштык. Көпкө сүйлөштүк. Мен балдарым менен Кожомкул чоң атабыздын музейине барып куран окудум. Той мен үчүн туугандык карым-катнашты кайрадан жандантты, чыңдады. Уул-кыздарыма, неберелериме да туугандары менен катышууга шарттар түзүлдү», - деди Б.Кожобергенова.

Ошондой эле Кожомкулдун 130 жылдык мааракесинде 630 кг салмактагы (таштын бир учу) ташты, атты көтөргөн балбандардын оюнун көргөнүн айтат. Белгилүү кыргыз ырчылары С.Балтаева, Г.Жолдошева жана башкалардын аткарган чыгармаларын суктануу менен уккандыгын белгиледи.

«Кожомкул ата жөнүндө даректүү фильмдер тартылып, тарыхый чыгармалар жаралса коомчулук, өзгөчө келечек муундар ал жөнүндө кеңири маалымат алат эле. Себеби, таш, ат көтөргөн, сай талын катуу кармап сыгып, чыныга суусун толтурган балбан дүйнөдө болгон эмес», - дейт ал.

Ошондой эле совет бийлигин түптөөдөгү ишмердүүлүгүн элге жеткирүү жаш муундарга тарбия боло турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×