Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 05.07.2019 09:29 На русском

Көкөмерен суусуна кулаган унаанын айдоочусу жерге берилди

Автоунаа кулаган болжолдуу жер
Автоунаа кулаган болжолдуу жер

Turmush -  Жайыл районунда Көкөмерен суусуна кулаган унаанын айдоочусу жерге берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маркум Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош] кечээ, 4-июлда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылына коюлган. Ал болгону 23 жашта эле. Айыл тургундарынын айтымында, үй-бүлөдө жалгыз уул болгон.

«Атасы менен апасы ажырашып кеткен. Апасы, карындашы болуп жашачу. Өзү үй-бүлө кура элек болчу», - деди айыл тургундары.

Маркумдун үй-бүлөсүнө өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү бир жылкы жана акчалай жардам беришкен. Ошондой эле боз үй тигүүнү колго алышкан. Мындан тышкары айыл өкмөт тараптан да керектүү жардамдар берилди.

Ал эми Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-июлда Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаӊы конушунда өтөт.

--------------------------------------------------------------

Кечээ, 4-июлда саат 19:10 чамасында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан Молдакун Абдылдаевдин жээн небересинин денеси табылган болчу.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, дене Жумгалдын Арал айылындагы Кырчын деген аймактан табылган.

--------------------------------------------------------------

Ат-Башыдан Суусамырга Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бара жаткан унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору. Ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экинчи жогорку билимин — юриспруденция адистигин алып чыккан.

Эмгек жолун бала бакчада мугалим-тарбиячы катары баштаган. Ош жана Бишкек шаарларындагы жогорку окуу жайларда эмгектенген. 1989-жылдан баштап Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасында, андан кийин ушул эле университеттин алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда иштеген.

2003-жылдан баштап Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда жетекчөөчү адис, окуу бөлүмүнүн жетекчиси, декан жана башка кызматтарда эмгектенип келген.

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

2-июлда саат 17:20 чамасында Көкөмерен суусунун Жумгал районунун Арал айылындагы тушунан унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылган. Ушул эле күнү саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 км алыстан Молдакун Абдылдаевдин денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Унаадагы 2 адам — Молдакун Абдылдаевдин жубайы жана уулу табыла элек. Караңгыга байланыштуу саат 20:30да токтотулган издөө иштери бүгүн, 5-июлда улантылат.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

04.07.2019Үй-бүлөсү менен Көкөмеренге кулаган Молдакун Абдылдаевдин небересинин денеси табылды
02.07.2019«Штаб түзүлдү»: Суусамырда жоголгон аппарат жетекчи Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү изделүүдө
02.07.2019Молдакун Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн издөө: 2 адамдын денеси табылды
03.07.2019«Эки адамдын денеси калкып калыптыр»: Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен кырсыкка учураган жерден сүрөт
03.07.2019Көкөмерен суусуна кулаган унаада Молдакун Абдылдаевден башка дагы кимдер болгон? Сүрөт
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×