Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 04.07.2019 19:36 На русском

Үй-бүлөсү менен Көкөмеренге кулаган Молдакун Абдылдаевдин небересинин денеси табылды

Автоунаа кулаган болжолдуу жер
Автоунаа кулаган болжолдуу жер

Turmush -  Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусуна кулаган Абдылдаевдердин үй-бүлөсүнөн дагы бир адамдын денеси табылды. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан Молдакун Абдылдаевдин жээн небересинин денесин бүгүн, 4-июлда саат 19:10 чамасында табышкан.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, дене Жумгалдын Арал айылындагы Кырчын деген аймактан табылды.

Ат-Башыдан Суусамырга бара жаткан унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору. Ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экинчи жогорку билимин — юриспруденция адистигин алып чыккан.

Эмгек жолун бала бакчада мугалим-тарбиячы катары баштаган. Ош жана Бишкек шаарларындагы жогорку окуу жайларда эмгектенген. 1989-жылдан баштап Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасында, андан кийин ушул эле университеттин алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда иштеген.

2003-жылдан баштап Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда жетекчөөчү адис, окуу бөлүмүнүн жетекчиси, декан жана башка кызматтарда эмгектенип келген.

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

2-июлда саат 17:20 чамасында Көкөмерен суусунун Жумгал районунун Арал айылындагы тушунан унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылган. Ушул эле күнү саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 км алыстан Молдакун Абдылдаевдин денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Унаадагы 2 адам — Молдакун Абдылдаевдин жубайы жана уулу табыла элек. Караңгыга байланыштуу саат 20:30да токтотулган издөө иштери эртең, 5-июлда эртең менен улантылат.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×