Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.07.2019 11:08

Айыл турмушу: Студент Айкеримдин көздүн жоосун алган эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын 24 жаштагы тургуну Айкерим Мукамбетова сүрөт тартуу менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкек шаарындагы КРнын улуттук көркөм сүрөт академиясынын станок живописи факультетинде 2-курста окуйт.

«Мен кичинекей чагымдан эле сүрөт тартам. Сүрөт тартып отуруп калганда атам кызыгып карай берчү. 6-класста окуп жүргөндө атам сүрөт мектебине ээрчитип барган. Ошондон кийин сүрөт тартуу өнөрүн өркүндөтүп келе жатам. Азырынча изденүү процессиндемин. Башка сүрөтчүлөрдөй эле боз кендир, май боёк, кыл калем жана башка тиешелүү материалдарды колдоном», - дейт ал.

Айкерим өзү тарткан сүрөттөрүн сатыкка чыгарат.

«Көргөзмөлөргө катышып, тарткан сүрөттөрүмдү сатам. Жакында эле Казакстанда өткөн «Пленэр» эл аралык сынагына катышып, 1-орунга ээ болдум», - дейт ал.

Окуусун ийгиликтүү аяктап, өнөрүн өркүндөтүүнү пландап жаткан Айкерим 5 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×