Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАраван району 04.07.2019 10:52 На русском

Аравандагы жолу жок бала бакча же айыл өкмөт менен ишкердин чыры. Видео

Араван айылындагы бала бакча
Араван айылындагы бала бакча

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылындагы ата-энелер «Баластан» бала бакчасына барчу жолдун жоктугуна нааразы. Бул тууралуу алар аймактык кабарчыга билдиришти.

Ата-энелердин бири Шарипа Караева маселени жергиликтүү бийлик көтөрүп, чечиш керек экенин билдирсе, Кундуз Орозова айылдагы бала бакчага райондогу 5 айыл өкмөттөн келген балдар тарбияланып жатканын айтты.

«Мен Чек-Абаддан келип, баламды таштап кетем. Анткени жакынкы айылдарда шарты жакшы бала бакча жок. Бирок «Баластан» бала бакчасы борбордук көчөгө, базарга өтө жакын жайгашкандыктан кооптуу. Анткени бакча менен базарга барчу жол бир. Бала бакчанын өзүнчө жолу болсо биз балдарыбызды бала бакчага алып баруу үчүн башкаларга ишенип тапшырат элек», - дейт К.Орозова.

Ал эми бала бакчанын жетекчиси Айшахон Махмудова буга чейин жолдун жоктугунан ата-энелер «Рустам» базары аркылуу кирип жүрүшсө, базардын жетекчилиги да жолду тосууга аракеттенип жатканын айтууда. «Баластан» бала бакчасынын ачылганына 1,5 жылдын жүзү болгон.

«4 бир тууган ушул бала бакчаны салганбыз. Бардык шарттары менен курулуп бүткөндөн кийин бакчага келе турган жол жок болуп жатат. Буга чейин Ош облустук архитектурасынын чиймесинде бала бакча жолу менен картага түшүрүлгөн. Бизге айыл өкмөт башчы өзү уруксат берген. Анткени айылда башка бала бакча жок. Бирок айыл өкмөт жол маселесин чечип бербей жатат. Буга чейин тиешелүү жерлерге 3-4 жолу арыз менен кайрылгам.

Аталган жер 1974-жылга чейин көрүстөн болгон. Анан бак тигилип, айыл өкмөт жашылдандырууга уруксат берген. Учурда базардын жолу менен бакчага барып жатабыз», - деди Айшахон Махмудова.

Аймактык кабарчы Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы Жамалидин Нурбаевден аталган маселе боюнча билүү үчүн барганда, ал иш ордунда жок болуп чыкты. Ал эми анын орун басары Акрам Өктамов маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок аймактык кабарчы айыл өкмөт башчы менен телефон аркылуу байланышканда ал А.Мадумарованын дооматын четке какты.

«Маселени мыйзам чегинде чечкенге аракет кылып жатабыз. Бала бакча куруп, каалаган жерден жолго жер сурай берсе, биз бере берсек, анда мыйзам кайда калат. Макул деп 1 метр жер берсек, эртеси 2 же 5 метр ашыкча жер менен тосуп алат. Ошондуктан биз бардыгын мыйзамдын негизинде карап беребиз. Маселени айылдык кеңештин кезектеги сессиясында карап, чечип бергенге аракет кылабыз. Ал эми жазган арызга айыл өкмөт 14 күндүн ичинде жооп берет», - деди айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×