Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 04.07.2019 10:07 На русском

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан жаңы кызматка дайындалды

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров кызматынан кетти. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы Мирлан Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчы иштен кетүү тууралуу арыз жазган. Ал Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2017-жылы шайланган.

«Р.Бекназаров июнь айынын аягында арыз жазган, учурда кызматынан бошотулду», - деди М.Сагынбаев.

Кийинчерээк маалым болгондой, Р.Бекназаров Президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө эксперт болуп дайындалды.

Руслан коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун уулу.

6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×