Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусу, Нарын 03.07.2019 15:14 На русском

Айыл турмушу: Мүнүшкөр Н.Исмаилов жеңүүчү экенин укканда бүркүтүн кучактап өөп жиберген

Turmush -  Нарын шаарынын 33 жаштагы тургуну Нурбек Исмаилов 8 жылдан бери бүркүт багып, аны менен эл аралык сынактарга катышып келет. Исмаилов менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Өзүнүн айтымында, бүркүт багуудан тышкары коён дагы багат.

«Мен Алыш айылынан болом. Ушул айылдагы Алыш орто мектебин аяктарым менен 2004-жылы Нарын шаарында компьютердик кызмат көрсөтүү клубун ачып, азыркы күнгө чейин эмгектенүүдөмүн.

Ал эми бүркүт багып калуума бир тууган Аман байкем түрткү болгон. Ал 1998-жылы бүркүт кармап келип, аны көндүрөбүз деп, бирок көндүрө албай учуруп жибергенбиз. Себеби, ал бүркүт биздин денебизди тытып, кошунанын малына кол сала баштаган. Бирок бүркүт багууга болгон кызыгуум ушул бүркүттөн улам ойгонгон.

2011-жылы байкем экөөбүз Ысык-Көлдөн мүнүшкөр менен таанышып, андан үйрөтүлгөн бүркүт сатып алып, 2012-жылдан бери сынактарга чыгып келебиз. Бүгүнкү күнгө чейин 5 бүркүт алмаштырдык. Алардын бардыгы эл аралык мелдештерден 1-2-орундарды алышкан.

Ар бир бүркүткө турган турпатына карап өзүнө жараша ысым коёбуз. Азыркы бүркүтүмдүн тумшуктары ийилип тургандыктан Оймок деп ат койгонбуз. Оймок былтыркы III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 6 мамлекеттен келген 11 бүркүттүн ичинен 1-орунга ээ болгон. Жеңүүчү болгонубузду укканда бүркүтүмдү кучактап өөп жибергем. Аны эркелетип, талаага жапайы жаныбарларды уулоого чыгаргам. Ушул эле бүркүт менен Аман агам 2018-жылдын декабрь айында Казакстанда өткөн сынактан 70 бүркүттүн ичинен 1-орунду алган.

Бүркүт багуу негизинен кыйын. Ага караганда бала баккан оңой. Бүркүткө көбүрөөк маани берип багасың. 2013-жылы бүркүткө карап атайын коён баккам. Азыркы күнгө чейин багып келем. Алдыда өзүмдүн айылыма зоопарк ачайын деген оюм бар», - деди ал.

Мүнүшкөр мындан сырткары чуркоо жана шайтан араба тебүү боюнча сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып келген.

Жубайы Рыскүл Молдоканова экөө 2009-жылы баш кошкон. Алар 1 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×