Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.07.2019 15:04 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео

Санжар Кочкорбаев
Санжар Кочкорбаев

Turmush -  1-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Буга чейин Turmush басылмасы 1-июль күнү Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Алтынбек Кожоназаров күбө катары суралганын жазган. Ал окуя болгон күнү тоого аң уулоого баргандардын бири болчу.

Күндүн экинчи жарымында Баткен районунун прокурорунун (Мирлан Калыбековдун) ошол кездеги орун басары Санжар Кочкорбаев суралган. Ал А.Мамажакыповдун денесин биринчилерден болуп тапкан.

Санжар Кочкорбаев: - Окуя болгон күнү эртең менен Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков «ууга чыгабыз» дегенинен жумушка бардым. Алар ууга кеткенден кийин кечке балдарым менен үйдө эс алдым. Кечинде прокурордун жардамчысы Нурсултан телефон чалды. Саат 21:00 чамасы болчу, азыр так эсимде жок. «Сиз эч нерсе уккан жоксузбу?» деди. Мен эч нерсе укпаганымды айттым. Кийин кайра саат 23:30да чалып, «прокурор жок экен, ал түшкөн унаа кан экен. Азыр ошону кармаптыр, сиз уккан жоксузбу?» деди. Мен «эртерээк айтпайсыңарбы» деп үйдөн чыктым. Менде унаа жок болчу, мени милицияда иштеген балдар алып кетишти. Биринчи эле шаардык милициянын башкармалыгына бардым. Ал жерден «Мелис Калыков менен бир унаада кетишиптир, ошондон бери жок болуп жатат» дешти. Байболсунов, Калыбеков жана башкалар издегени кетишиптир. Мен да жөнөдүм.

Алгач Баткен РИИБдин ыкчам кызматынын башчысынын орун басары менен «Нивада» издегени чыктым. Төрт-Күлгө барчу жолдун оң тарабын, анан сол тарабын карап келдик. Эч нерсе тапкан жокпуз. Үйүмө келип, түндө көрүүчү аппаратымды алдым. Балким ошону менен таап алам деп ойлодум. Ыкчам кызматтын башчысынын орун басары башкалар менен кетти. Биз Азамат Калыковдун унаасы менен Баткен шаарындагы аэропорттун жогору жагындагы ээн талаалардан издеп келдик. Бирок тапкан жокпуз. Баткен шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин жанына жеткенде Азаматтын унаасынын күйүүчү майы түгөнүп калды. Ал жерден Баткен ШИИБдин тергөө кызматынын башчысын чакырдым. Ал келгенден кийин экөөбүз май куюучу жайга бардык. Ошол жерден сураштырсак «күйүүчү май алып кетиптир (М.Калыков)» деп айтышты. Мен кайра барганда РИИБден «Лексусту» көрдүм. Карасам эшиктин кармагычтары, бут кое турчу жерлери, дөңгөлөк, анын темирине чейин кан экен.

Кайра издөө (А.Мамажакыповду) үчүн Баткен ШИИБге барып «Нива» сурадым. Аларга бирөө унааны айдап алса, мен издейт элем десем Эрнист (Эрнист Базарбай уулу — арак заводдун Баткендеги өкүлү) деген баланы кошуп беришти. Төрт-Күлгө барып, издей баштадык. Жолдун эки тарабынан издедик. Мен жөө да издедим. Түндө суук болчу, жерге түшүп жөө издеп, үшүп кеткенде кайра унаага түшкөм. Ошентип издеп жүрдүм. Төрт-Күлдөн Лейлек тарапка бара жатканда оң жакка бурулчу жол бар экен. Мен бирөөгө чалып, «мага "Лексустун" сүрөтү болсо жөнөтүп койсоң, бул жакта жаңы издер бар экен, ошолор менен салыштырып көрөйүн» дедим. Сүрөттөрүн WhatsApp'тан жөнөттү. Из менен жөө бастым.

Ээн талаага барганда солго бурулган, оңго бурулган дагы жол бар экен. Оң жактагы жол бир сарайга алып барат экен. Унаа бурулуп жатканда түндө көрсөтүүчү аппаратым менен караганда кадимкидей эле адамдын жатканы көрүндү. «Токтот» дедим. Унааны токтотту. Мен жүгүрүп барып эле денени карадым. Карасам, күйбөгөн бут кийим эле калган экен. Анан кайра Эрнистке келип, ууга чыккандагы сүрөттү көрсөтчү десем, көрсөттү. Сүрөттү карасам ошол бут кийим болуп чыкты. Эрнист «эмне болуптур?» деп сурады. Мен «өлтүрүп коюптур» деп айттым.

Ал жерден бирөөгө чалалы десек байланыш такыр жок экен. Анан 500 метрдей жогору чыгып, биринчи Мирланга чалдым. Ага чалсам албай койду. Байболсуновго чалдым. Мен Байболсуновду көргөн жокмун, бирок балдар «катуу ыйлап жиберди» деп айтышты. Анан мен кайра эле Мирланга чалып, «тезирээк келгиле» деп, болжолдуу даректи түшүндүрдүм. 30 мүнөттөй күтүп, кайра дене турган жерге бардым. Ал жерге түлкү келди. Ага унаанын жарыгын жандырып, сигнал берсем качып кетти. Кайра чалуу үчүн бара жатканда Эрнист калтырап, унааны айдай албай койду. Унааны мен айдап, унаа жолдун четине чыкканда ыкчам топ келди. Кайра окуя болгон жерге бардык.

Мамлекеттик айыптоочу: - Санжар, Баткен районунун прокурорунун орун басары болуп канча жыл иштедиң?

Санжар Кочкорбаев: - 2 жыл.

Мамлекеттик айыптоочу: - Окуя болгон жерге сен «Ниваң» менен барып таптыңбы?

Санжар Кочкорбаев: - Ооба.

Мамлекеттик айыптоочу: - Кийин канча унаа барды ошол жерге?

Санжар Кочкорбаев: - Окуя болгон жерге көп унаа барды. Жалпы 10дон ашык унаа барды.

Мамлекеттик айыптоочу: - Ошондо жансыз дене болжол менен саат канчада табылып жатат?

Санжар Кочкорбаев: - Күн чыга элек, караңгы болчу. Болжол менен таңкы саат 5:30-6:00 болчу.

Шектүүнүн жактоочусу Асылбек Күңгуров: - Баткен облустук прокуратурасы тарабынан комплекстүү текшерүү болгонбу же болгон эмеспи?

Санжар Кочкорбаев: - Комплекстүү текшерүү болгон.

Асылбек Күңгуров: - Кимдер катышкан ага?

Санжар Кочкорбаев: - Азыр эсимде жок. Облустук прокуратурадан тийиштүү кызматкерлер катышкан.

Асылбек Күңгуров: - Текшерүүгө баргандардын ичинде ууга чыккандар бар беле?

Санжар Кочкорбаев: - Так эсимде жок.

Шектүү Мелис Калыков: - 17-ноябрь күнү тоого чыгып жатканда райондук прокуратуранын жанынан мени саат канчаларда көргөнсүз?

Санжар Кочкорбаев: - Эртең менен саат 9:30да көргөн болушум керек.

Шектүү Мелис Калыков: - Баткен ШИИБдин кире беришиндеги оң тараптагы бөлмөдө уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Байболсунов, Калыбеков болуп мени уруп жатканда сен келгенсиңби (17-ноябрь күнү кечинде)?

Санжар Кочкорбаев: - Сени урдук беле?

Мелис Калыков: - Ооба.

Санжар Кочкорбаев: - Кудайдан корк, Мелис.

Мелис Калыков: - Кудайдан коркконум үчүн ушуларды айтып жатам.

Санжар Кочкорбаев: - Сени урсам минтип турбайт элең да. Сен арыз жазмаксың. Сени урганым далилденсе, мүмкүн мен да сени менен отуруп калмакмын.

Мелис Калыков: - Кудай буюрса отурасың. Ошол жерде тигилер менен кошулуп урган эмессиңби?

Санжар Кочкорбаев: - Мен ал жерге барып, кайра чыгып, ошол бойдон издеп жүргөм (А.Мамажакыповду).

Мелис Калыков: - Ошол ШИИБдин биринчи эшигинде «сени өлтүрөм» деп уруп, коркутканың эсиңде жокпу?

Санжар Кочкорбаев: - Сени токмоктоонун мага эмне кереги бар?...

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

10.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)
10.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Ичилген арак, «Лексус 470» жана прокурордун чалуусу тууралуу көрсөтмөлөр. Видео
17.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда жактоочуларды тилдешти. Видео (толукталды)
19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
01.07.2019Прокурордун өлүмү: Сот жактоочунун номурларды текшерүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×