Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 03.07.2019 09:36 На русском

«Эки адамдын денеси калкып калыптыр»: Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен кырсыкка учураган жерден сүрөт

Turmush -  Жайыл районунда Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унаанын айдоочусун жана жүргүнчүлөрүн издөө иштеринин жыйынтыгында кечээ, 2-июлда 2 адамдын денеси табылган. Бүгүн, 3-июль күнү ӨКМден жалпы 100гө чукул куткаруучу, туугандарынан 20 адам издөө иштерине чыгышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Учурда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашырбаев да издөө иштерине катышып жатат.

«Кожомкулдан баштап Аралга чейин бардык. Арал айылынын аймагынан айдоочу менен М.Абдылдаевдин денесин таптык. Бүгүн Аралдан Казарманга чейинки аралыкты карайбыз.

Суу жогору тараптан шар агып, ушул Аралга келгенде жай агып калат экен. Майда аралчалар да көп. Суу ошол аралчаларды аралап, эки-үчкө бөлүнүп барып кайра кошулат экен. Эки адамдын денеси ошондой аралча жерлерге барып, суунун үстүнө калкып чыгып калыптыр.

Суу Аралдан баштап, Нарын дайрасына чейин жай агат. Андан ары кайра күргүштөп, шар агат. Эми ошондой жай аккан жерлерден карайбыз. Бизге Нарын, Жумгалдын куткаруучулары да кошулду», - деди ал.

--------------------------------------------------------------------------

Кырсык 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында болгон. Кырсыктан мерт болгондордун туугандары унаада 3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала болгондугун билдиришкен. Кечээ, 2-июлда издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден жалпы 98 куткаруучу, туугандарынан 20 адам тартылган. Саат 17:20да Көкөмерен суусунун Жумгал районунун Арал айылындагы тушунан унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 км алыстан өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кеч киргендигине байланыштуу калган адамдарды издөө иштери саат 20:30да убактылуу токтотулган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылында жол-транспорт кырсыгына кабылган унаа Көкөмерен суусуна түшүп кеткендиги маалымдалган. Аталган унаадагы адамдар Ат-Башы районунан Суусамырга Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жатканы айтылган.

Андан кийин Молдакун Абдылдаевдин Индира аттуу кызы «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаа жоголгонун, анда атасы Молдакун Абдылдаев, апасы, 1992-жылы туулган бир тууганы (эркек) жана кызы болгондугун билдирген.

«30-июнь күнү атам, апам, бир тууганым (эркек) жана кызым «Ниссан Террано» унаасы менен Суусамырды көздөй кетишкен. Акыркы жолу Жумгал районунан сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери дайыны жок. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз», - деген ал.

Ал эми күбөлөр, унаа алгач жарды сүзүп, андан соң сууга кулагандыгын айтышкан.

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндөгү Тунук айылынын тургуну Шаршенбек Аманов: «Мен өзүм жолдо иштейм. 1 айдан бери жолду оңдоп-түздөп, майрамга даярдап жүрдүк. 30-июнь күнү Кызыл-Ой айылынан кызматтык унаа менен биздин кесиптештер келишти. Өң-алеттен кетип, ушундай жаман кырсык болду деп айтып калышты.

Биз тарапта айланма жол бар. Анын аймагында суу шар аккан жана кууш жери бар. Ошол жолдон Кожомкулга чейин 27 чакырым аралык. Кесиптештерибиз ушул жерде бара жатканда алардын унаасын бир автоунаа ашып өтүп, чайпалып барып жарды сүзүптүр. Андан соң тумшугу менен сууга кирип кетиптир.


арал

Шар суу унааны агызганда эле ичинен 3 киши чыккан экен. Бир кызыл футболкачан жигит жанталашып чыгайын дептир. Бирок шар сууга туруштук бере албай, агып кетиптир. Андан кийин унаадан чыккан кишилер, унаа дагы 3-4 жолу көрүнүп, ошол бойдон көрүнбөй калыптыр. Ага удаа суунун үстүнө азык-түлүк жана башка буюмдар чыга баштаган экен.

Биз милиция кызматкерлерине, куткаруучуларга билдирдик. Суу азыр кирип турган учуру. Ал жерден унааны жай айдаш керек. Мурун бул жерден 2-3 жолу кырсык катталган», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×