Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусуНарын району 02.07.2019 08:57 На русском

Депутат Сымбаткан Аттокурова акимдин орун басары болду

Сымбаткан Аттокурова
Сымбаткан Аттокурова
// Turmush

Turmush -  Аттокурова Сымбаткан Кадыровна Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук майадминистрациядан билдиришти.

Ал 1971-жылы Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. 1991-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн.

1992-2009-жылдары Ак-Жар айылындагы мектепте мугалим болуп иштеген. 2009-2013-жылдары ушул эле мектепте директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болгон. 2018-жылы Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканалар информациялык тармактын директор кызматын аркалаган. 2008-2012-жылдары Ат-Башы райондук кеңешинин, 2012-2016-жылдары Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2017-жылдан баштап Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы болуп иштеп келген.

4 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×