Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Озгон 01.07.2019 18:16

Өзгөндө өспүрүмдөр арасында бокс боюнча шаардын ачык биринчилиги өттү

Turmush -  27-29-июнь күндөрү Өзгөн шаарында өспүрүм балдар арасында бокс боюнча шаардын ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдешке Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Жалал-Абад, Базар-Коргон шаарларынан, Өзгөн районунун Жазы, Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнөн 100гө жакын мушкерлер катышты. 2007-2008-2009-2010-жылы төрөлгөн балдар 20 салмакта күч сынашты. Байгелүү орундарды ээлеген спортчулар мэрия тарабынан диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×