Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 01.07.2019 13:12 На русском

Кадамжайда чет өлкөлүктөрдөн пара алууга шектелип мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Видео

Turmush -  27-июнь күнү Кадамжай шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2 кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, аталган кызматкерлер эртең менен 08:00 чамасында Кадамжай шаарындагы «Азирет-Али» сыйынуучу жайынын алдында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Текшерүү учурунда Алар Өзбекстандын Шахмартдан айылынын тургундарынан 310 миң сум (2,5 миң сом) пара алгандыгы аныкталган. Акча аталган 2 кызматкердин унаасынан чыккан.

Буга чейин Өзбекстандын жарандары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара талап кылып жатышкандыктарын билдиришкен.

Кармалган адамдар 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киригизилип, бирок 29-июнь күнү үй камагына чыгарылгандыгы кабарланууда.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иш козголгондугу маалым болду. Пара алуу шектелип Кадамжай РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери К.М. менен К.С. кармалган. Алар кызмат абалдарынан пайдаланып, Өзбекстандан Кыргызстанга жүк ташыган ишкерлерден дайыма акча талап кылышкан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы аталган фактыны тастыктап, бирок кенен маалымат беришкен жок.

Аларды кармоо учурунда тартылган видео социалдык тармактарда тарап жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×