Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.07.2019 12:10

Айыл турмушу: Электрик Улан эски темирлерден өзгөчө унаа кураштырды (видео)

Turmush -  Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну Улан Кожонов керексиз темирлерге экинчи өмүр берип, андан чакан унаа жана шайтан арабаларды курайт. Темир уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал алгач эки адамга ылайыкташкан шайтан араба жасап, кийин буйрутма ала баштаган.

«2014-жылы үйдө турган эски шайтан арабаны кайра кураштырып, аны эки адамга ылайыктуу кылып жасадым. Анда парктарда азыркыдай төрт орундуу шайтан арабалар жок эле. Мен жаңы жасаганда көпчүлүк адамдар таң калышкан. Ошентип бирөөнү жасагандан кийин мага кайрылып, буйрутма бергендер көбөйдү. Мен темирлерден кураштырып жасап жүрдүм. Бара-бара өзүмө керектүү жабдууларды сатып алып, үйдүн бурчуна чакан устакана ачтым. Иштин баары ошол устакана ачылгандан кийин башталды.

Кийин ширеткич аппарат сатып алып, айылда ширетүүчү болуп иштеп жүрдүм. Азыркы тапта эки кабаттуу тапчандарды жасап жатам. Ал эми эки жана төрт адамга ылайыктуу шайтан арабалар Ош, Бишкек, Жалал-Абад шаарларына жана Токтогул районуна чейин сатылып жатат», - дейт уста.

Улан Кожонов кесиби боюнча электрик. Буга чейин күч түзүмдөрүндө 3 жылдай эмгектенген.

«Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетине тапшырып, жогорку билимдүү болдум. Окуу жайды аяктаган соң жумуш издеп, Үч-Коргон, Токтогул ГЭСтерине жана Шамалды-Сайдагы өрт өчүрүү кызматына, Ош шаарындагы чек ара заставасына резюмемди тапшырып, жообун күтүп жатсам, чек ара заставасынан байланышып, жумуш оруну бар экенин айтышты. Ошентип күч түзүмдөрүндө 3 жылдай эмгектендим. Ал жакта айлык маяна аз болгондугуна байланыштуу, жумуштан чыгып, айылда темир устачылык менен алектенүүнү чечтим», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда ал керексиз темирлерден унаа кураштырып жатат.

«Бир айда эски темир жана жабдыктардан чакан унаа кураштырдым. Азыр ал жүрүп жатат. Унаа төрт орундуу, айылдын ичинде жүрүүгө жарайт. Бир аз калган жумушун бүтүрсөм дагы башкасын курайм», - дейт Улан.

Улан эми Ош—Бишкек унаа жолунун боюна чакан устакана ачууну пландап жатканын белгиледи.

Ал үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×