Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 01.07.2019 11:57

Оштон 18 окуучу «Ысык-Көл балдардын көзү менен» эл аралык сынагына катышат

Turmush -  Ош облусунан 18 окуучу 2-июлдан 8-июлга чейин өтө турган «Ысык-Көл балдардын көзү менен» аттуу эл аралык сынакка жөнөп кетишти. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун бөлүм башчысы Батма Исакова билдирди.

Анын айтымында, бул окуучулар буга чейин Ош облусунда өткөрүлгөн сынактарда жеңүүчү болушкан. Алар өздөрүнүн таланттарын көргөзүп, экологиялык тарбия боюнча презентация жасашат. Иш-чарага Россия, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринен да катышуучулар келишет. Аталган сынак алгачкы ирет өткөн жылы өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×