Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 29.06.2019 13:49 На русском

Сүрөт — Кара-Балта шаарында эң сулуу кыз тандалды

Turmush -  Кара-Балта шаарында «Кара-Балта сулуусу — 2019» сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сынакка 8 кыз катышты. Алар:

1. Арайым Кеңешбекова,

2. Таалайбек кызы Аяна,

3. Аделина Айдарова,

4. Эльнура Бектурганова,

5. Айжан Бектеналиева,

6. Бермет Жунушалиева,

7. Жибек Аманбекова,

8. Анархан Сатыбалдиева.

Катышуучулардын ичинен Айжан Бектеналиева гана 18 жашта болсо, калгандары 15 жаштагы окуучу кыздар. Алар сынакта алгач өзүн тааныштырып, андан кийин жалпы бий аткарышты. Андан соң кече көйнөктөрүн кийип, подиумда кыймылдын көрктүүлүгүн көрсөтүштү.

Калыстар тобунда райондук маданият бөлүмүнүн өкүлдөрү, сулуулук салондорунун кызматкерлери, хореографиялык топтордун катышуучулары, ишкерлер жана моделдик агентствонун кызматкери болду.

Сынактын жыйынтыгы менен 100 упай топтогон Аделина Айдарова 1-орунду ээлеп, «Кара-Балта сулуусу — 2019» деп аталды. Ал Макаренко атындагы №10 мектептин окуучусу болуп саналат. Ага таажыны «Кара-Балта сулуусу — 2018» сынагынын жеңүүчүсү Адина Сманова кийгизди. Ал эми 2-орунду Анархан Сатыбалдиева, 3-орунду Таалайбек кызы Аяна ээледи.

Уюштуруучулар билдиришкендей, Аделина Айдарова Бишкек шаарында өтө турган «Кыргызстан сулуусу — 2019» сынагына Кара-Балта шаарынын атынан катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×