Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 29.06.2019 12:54

Ошто ок атуучу курал алып жүргөн жигит кармалды (сүрөт)

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 28-июнь күнү Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган А уулу А., аттуу тургунун Ош шаарында кармашты. Кароо жүргүзгөн учурда шектүүнүн жанынан кара түстөгү бир даана ок атуучу тапанча табылган.

Бул факт Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-баллистикалык экспертиза жүргүзүлдү. Анын корутундусуна ылайык шектүүдөн алынган «Байкал-442» үлгүсүндөгү 9 мм. калибрдеги ок атуучу курал колдонууга жарактуу деп аныкталган.

КРнын Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүргүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөө иши жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×